Language switcher

  • 516 просм.

Калктын каржылык сабатттулугун жогорулатуу боюнча тренингдер

Калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча  Мамлекеттик программанын алкагында ТоТ то окуудан ѳткѳндѳн кийин   Компаниянын 11 кызматкери  эки ай ичинде калктын  каржылык сабаттуулугун  жогорулатуу боюнча  тѳмѳндѳгү темалардагы тренингдерди  ѳткѳрүштү:

  • Каржылык пландаштыруу жана бюджет;
  • Каржыны сактоолор;
  • Насыя боюнча мамилелер;
  • Каржылык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү  пайдалануучулардын укуктарын коргоо.

Окутуу ѳлкѳбүздүн бардык областарынын 114 адамына тийиштүү  болуп, ал Кызыл-Суу, Кочкор-Ата, Базар-Коргон, Исфана, Кадамжай, Кант, Ананьево, Жалал-Абад, Каракол жана Бишкек аттуу шаарларларда жана кыштактарда ѳткѳрүлдү.

Каржылык сабаттуулук боюнча  жаңы маалыматтарды  Базар-Коргон айлындагы Балдар реабилитациялык борборунун кызматкерлери, Каракол шаарындагы Москва ишкердик жана укук институтунун  окутуучулары менен студенттери, Ананьево айылындагы  №82 Кесиптик лицейинин окутуучулары менен мугалимдери, ошондой эле соода, байланыш, техникалык камсыздоо жана тейлѳѳ тармагынын , мейманкана бизнесинин кызматчылары, мамлекеттик кызматкерлер, инженерлер, жеке ишмерлер, фермерлер жана пенсионерлер интерактивдүү оюн формасында  ѳткѳрүлгѳн тренинг-сабактарынан ѳздѳрү үчүн камтып алышты. Тренингдин бардык  катышуучулары сертификат алышты. Окууга чейинки жана кийинки тестирлѳѳ ѳткѳрүлүп, анын кѳрсѳткүчү боюнча  угуучулардын билими  35%га  жакшыргандыгы  тастыкталды.

Ошону менен бирге кѳпчүлүктѳрү жакынкы мезгилде банкта  депозит ачуу жана  келечектеги максаттарына  акча топтоо тууралуу бекем чечимге келишти.

  • admin      
  • 516 просм.
Бөлүшүү: