Мурабаха – Компания менен Кардардын ортосундагы бүтүм, анда Кардардын талабы боюнча Компания сатып алган товарларды бөлүп-бөлүп сатууну караштырат, мында Компания товардын наркын жана маржаны толугу менен ачып берет.
Каржылоонун өлчөмү:
5 000 сомдон 300 000 сомго чейин
Сатып алуу жана сатуу предмети төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- Тиричилик техникасы,
- Уюлдук телефондор, планшеттер жана башка түзүлүштөр,
- Эмерек,тиричилик буюмдары
- Мал-жалдык жана жер семирткичтер
- Автоунаа жана башкалар.
Сатып алуунун жана сатуунун предмети төмөнкүлөр боло албайт:
- Алтын, күмүш жана алардан жасалган буюмдар;
- Чет элдик валюта;
- Баалуу кагаздар;
- Жүгүртүү капиталы, мында активдер дебитордук карыздар менен камсыздалган;
- Жумуштар жана кызматтар;
- Чочконун эти жана чочко этин камтыган азыктар;
- Алкоголдук продукция;
- тамеки буюмдары;
- Кумар оюндары;
- башка бүтүмдү кайра каржылоо, анын ичинде ошол эле кардар менен мурунку Мурабаха келишиминин предмети болгон товарга карата Мурабаха келишимин түзүүнү;
- Шарият кеңеши тарабынан мурабаха бүтүмүн түзүүгө тыюу салуу же каалабаган башка товарлар.
Артыкчылыктары:
- алдын ала төлөм жок
- комиссия жок
- күрөөсүз
- айып жок
- минималдуу документтер
- 1 күнгө чейин
Кардар Мурабаха келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде каалаган убакта айып төлөбөстөн товар үчүн мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай төлөөгө укуктуу. Товарлар үчүн толук же жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда төлөө графигин кайра карап чыгууга жана Мурабаха келишими боюнча Кардардын милдеттенмелерин суммасын кайра эсептөөгө алып келбейт.
| Мөөнөт | Кошумча төлөм |
| 6 ай | 8.4 % |
| 7 ай | 9,7% |
| 8 ай | 11% |
| 9 ай | 12,2% |
| 10 ай | 13,5% |
| 11 ай | 14,8% |
| 12 ай | 16,1% |
| 13 ай | 17,4% |
| 14 ай | 18,8% |
| 15 ай | 20,1% |
| 16 ай | 21,5% |
| 17 ай | 22,8% |
| 18 ай | 24,2% |
Натыйжалуу пайыздык коюм 8,76% дан баштап 27,07% чейин
Мурабаха каржылоосун төлөм терминалдары жана электрондук капчыктар аркылуу кантип төлөө керек?
Суроолор калдыбы?
Сиз бул форманы колдонуу менен сатуу боюнча менеджерден кеңеш сурасаңыз болот


