Language switcher

  • 40 просм.

«Байлык Финанс» ЖАКына жаңы башкы директор дайындалды

“Байлык Финанс” МКК ЖАК жетекчилик курамындагы өзгөрүүлөрдү жарыялайт.
2026-жылдын 22-апрелинен тартып Арзымат Аликович Дербишалиев “Байлык Финанс” МКК ЖАКтын башкы директору болуп дайындалды. Молдажанова Чинара Даркенбаевна башкы директорлук кызматын аяктап, Компаниянын Директорлор кеңешине кошулду.
2013-жылдан бери Компанияны жетектеп келе жаткан Чинара Даркенбаевна команданын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана эң мыкты эл аралык тажрыйбаларды колдонууга басым жасап, башкаруу системасын ырааттуу түрдө өнүктүрүп келет. Анын жетекчилиги астында “Байлык Финанс” микрофинансылык рыноктогу позициясын бекемдеп, ишмердүүлүгүн кеңейтип, корпоративдик башкарууга заманбап мамилелерди киргизди.
Директорлор кеңешинин мүчөсү катары Чинара Даркенбаевна Компаниянын стратегиялык өнүгүүсүнө салым кошууну улантат, анын негизги бизнес багыттарын калыптандырууга жана туруктуу өсүштү камсыз кылууга катышат. Анын тажрыйбасы, тармакты терең түшүнүүсү жана бизнес этикасынын жогорку стандарттарына берилгендиги Компаниянын рыноктогу позициясын андан ары бекемдейт жана анын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.
Арзымат Аликович Дербишалиев – ЖАК МКК “Байлык Финанс” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, кесипкөй финансист жана микрокаржылоо жаатында кеңири практикалык тажрыйбасы бар сертификатталган тобокелдик менеджери. Компанияда иштеген мезгилинде ал өзүн компетенттүү жана натыйжалуу жетекчи катары көрсөтө алды, негизги бизнес багыттарын өнүктүрүүгө, операциялык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана Компаниянын башкаруу системасын чыңдоого олуттуу салым кошту.
Арзымат Аликовичтин башкы директор болуп дайындалышы Компаниянын башкаруу моделинин үзгүлтүксүздүгүн жана анын туруктуу өнүгүүсүнө багытталгандыгын чагылдырат. ЖАК МКК “Байлык Финанс” өз миссиясына берилген бойдон калууда жана финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган стратегиясын ырааттуу түрдө ишке ашырууну улантат.
  • admin      
  • 40 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви
01 Jan
Ж.