ЧОЛПОН КОКУМОВА
ЧОЛПОН КОКУМОВА

Директорлор кеңешинин төрайымы

Кокумова Чолпон айым Англиянын Эксетер Университетинин бизнес администрациялоо магистри даражасына ээ. Анын стратегиялык жана мамилелер боюнча консультация берүү аркылуу финансылык мекемелерди жана чакан жана орто бизнести ишканаларын институттук курууда жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүдөгү финансылык жана инвестициялык компанияларда 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар.

Кокумова Чолпон айым өз карьерасын Кыргыз Республикасынын ири банктарында баштаган (АКБ «Кыргызстан», KICB). 2009-жылдан 2018-жылга чейин Кокумова Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) консалтинг долбоорун башкарган жана долбоордук максаттарга жетүү – Кыргызстанда, Азербайжанда, Грузияда, Тажикстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда микрофинансы уюмдарын өзгөртүү үчүн жоопкерчиликтүү болгон. Микрокаржылоо боюнча тастыктамаланган эксперт болуп саналат.

2020-жылдан бери «Байлык Финанс» компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы болуп саналат.

РАУШАН КУРБАНАЛИЕВА
РАУШАН КУРБАНАЛИЕВА

Директорлор кеңешинин мүчөсү

Курбаналиева Раушан айым Казак мамлекеттик менеджмент академиясын Экономикалык социалдык пландаштыруу адистиги боюнча аяктаган. Азыркы учурда “Алматы менеджмент университети” БМда МВА – Иштиктүү администрациялоо магистри даражасын алып жатат. CAP, USAID / CAMFA II «Financial services for rural areas and agriculture», MBA интенсивдүү курсунун жана А. Галунин бизнес менеджмент мектебинин тастыктамаларына ээ.

Курбаналиева Раушан айым «МФО «Арнур Кредит» ЖЧШ Башкармалыгынын төрагасы катары 15 жылдык тажрыйбасы бар. Эл аралык инвесторлордон инвестицияларды жаа гранттык каражаттарды тартуу менен алектенген. Курбаалиеванын жетекчилиги астында иштеген жылдары Компания аймактык компаниядан Казакстандагы ири МФУга чейин жолду басып өткөн.

Ошондой эле Курбаналиева Раушан айым Директорлор кеңешиндеги мүчөлүктүн узак тажрыйбасына ээ. Үч жылдан ашык убакыттан бери Казакстан Республикасынын Микрокаржылоо ассоциациясындагы ДК мүчөсү болуп саналат; беш жылдан ашык – «Шардаринская ГЭС» АКда ДК көз карандысыз мүчөсү; төрт жылдан ашык «Хумо» МДУ ЖАКда – Тажикстандагы микрокаржылоо чөйрөсүндөгү алдыңкы компаниялардын биринин ДК мүчөсү.

Винченцо Трани
Винченцо Трани

Директорлор кеңешинин мүчөсү

Винченцо Трани мырза Санкт-Петербургдагы Тышкы экономикалык байланыштар институтун экономика, укук жана бизнести башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.

Винченцо Трани мырза карьерасын Monte dei Paschi di Siena SpA (Италия) филиалынын менеджери болуп баштаган. 2000-2004-жылдары ЕРӨБ Россиянын Чакан бизнес фондунун улук кеңешчиси болуп иштеген; ЕРӨБнын «КМБ Банк» ЖАКтагы өкүлү, КМБ Банктын башкы директорунун орун басары.

Ал дүйнөдөгү ири микрофинансылык уюмдардын негиздөөчүсү болгон:

Микро Капитал, дүйнөдөгү эң ири микрофинансылык институттардын бири.
Carnelutti Russia, Россиядагы эң мыкты италиялык юридикалык фирма “IAIR Legal Awards”.
Delimobil, Москвадагы биринчи унаа бөлүштүрүү компаниясы, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Чехияда иш алып барган автопарк боюнча дүйнөдөгү эң чоңдордун бири.

Винченцо Трани учурда дүйнө жүзү боюнча 128 кеңсеси жана 1700 кызматкери бар Жибек Жолунун боюндагы 19 өлкөдө иш алып барган алдыңкы каржылык топ Микро Капитал Групптун президенти.

ПУСУР ТЕГИН ЗАМИР
ПУСУР ТЕГИН ЗАМИР

Шариат кеңешинин төрагасы

Замир Пусур тегин Ош мамлекеттик университетин “Экономикадагы маалыматтык тутумдар” адистиги боюнча аяктаган, “Менеджмент” багыты боюнча магистр даражасына ээ. Ошондой эле квалификацияны жогорулатуу боюнча көптөгөн тренингдерден өткөн.

Пусур тегин Замир финансы жана экономика чөйрөсүндө 20 жылдык иш тажрыйбага ээ. Өзүнүн эмгек жолун башкы бухгалтер катары баштап, андан ары карьерасын «ЭкоИсламикБанк» ААК жана Ош шаарындагы Компаньон Банкы  сыяктуу Кыргызстандын ири банктарында алдыңкы позицияларда уланткан. Бүгүнкү күндө Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы “Хумо” микродепозиттик уюму” ЖАКнын Шариат комитетинин төрагасы болуп саналат.

Замир банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптери, анын ичинде Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI) жана Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши (IFSB) белгилеген Шариат стандарттары боюнча эксперт болуп саналат.

АЖИМАМАТОВ ЗАЙЛАБИДИН
АЖИМАМАТОВ ЗАЙЛАБИДИН

Шариат кеңешинин мүчөсү

Зайлабидин Ажимаматов Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетин “Дин таануу” адистиги боюнча аяктаган. Түркиянын Анкара шаарындагы Анкара университетинде фундаменталдык ислам илимдеринин магистри даражасын алган. Ошол эле жерде Дин таануу доктору даражасын алган. Окутуучулук иштин чоң тажрыйбасына ээ. Ошондой эле Зайлабидин “Өнөктөштүк экономика жана финансы эл аралык ассоциациясы” тарабынан уюштурулган AAOIFI стандарттары боюнча ислам банк иши жана каржылоо боюнча окуу курсунан өткөн.

Зайлабидиндин жалпы эмгек стажы 16 жылды түзөт, анын ичинде финансы жана экономика чөйрөсүндөгү тажрыйбасы 9 жыл.

КАЛИМУЛЛИНА МАДИНА
КАЛИМУЛЛИНА МАДИНА

Шариат кеңешинин мүчөсү

Сертификацияланган Шарият кеңешчиси жана аудитору (CSAA, AAOIFI), экономика илимдеринин кандидаты. Ислам экономикасы жана ислам каржылоосу тармагындагы иш тажрыйбасы – 15 жыл.
Мадина Калимуллина Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун дүйнөлүк экономика адистиги боюнча, ошондой эле Россия Федерациясынын өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин аспирантурасын аяктаган. Мадина Улуттук изилдөө университетинин Жогорку Экономика мектебинин (NRU HSE) улук илимий кызматкери. 2010-жылдан бери ал ислам экономикасы жана финансысы боюнча өзүнүн программаларынын алкагында Орусиянын университеттеринде жана башка окуу жайларында сабак берип келет. 2021-жылы Ислам өнүктүрүү банкынын чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасындагы банк коомчулугу үчүн окутуу программасына мугалим катары катышкан.
2010-2018-жылдары Москвада халал продукцияларынын жана кызматтарынын эл аралык көргөзмөсүн уюштуруу боюнча долбоорду жетектеген, келишимдердин шарият стандарттарына шайкештигин экспертизалоо жана исламдык каржы продуктуларын түзүү жаатында 7 жылдан ашык тажрыйбасы бар. 2010-жылдан бери AAOIFI шарият стандарттарын орус тилине которууну координациялап келет. Ал Россиянын Исламдык финансы эксперттеринин ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана жооптуу катчысы, Россия Банкынын өнөктөш банк иши боюнча жумушчу тобунун мүчөсү (2016-жылдан бери), ошондой эле Финансы рыногу боюнча комитеттин эксперттик тобунун мүчөсү болуп саналат. өнөктөш банк ишин жөнгө салуу боюнча (2022-жылдан бери). Эл аралык журналдарда исламдык каржылоо боюнча бир катар макалалары бар.

МОЛДАЖАНОВА ЧИНАРА
МОЛДАЖАНОВА ЧИНАРА

Башкы директор

Чинара Молдажанова 1984-жылы Фрунзе политехникалык институтун «Инженер технолог» адистиги боюнча аяктаган жана 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “эсеп жана аудит” адистиги боюнча бүтүргөн. ЖОЖду аяктагандан кийин өзүнүн эмгек жолун инженер/технолог болуп баштаган жана Борбор Азиядагы эң ири нан азыктары комбинатында финансылык директорго чейин жеткен.

Кыргызстанда алгачкы микрофинансылык институттардын келиши менен Чинара Даркенбаевна өзүнүн микрокаржылоо жаатындагы тажрыйбасын «Мерсико» кайрымдуулук корпусунун Балыкчы филиалынын жетекчиси кызматында баштаган, ошондой эле Өзбекстанда, Россияда (Чечня жана Ингушетия) микрокаржылоонун калыптануусунда тренер-насаатчы катары эмгектенген. Микрокаржылоо жаатында чоң тажрыйба топтор, чоң микрокредиттик компаниясын түзгөн, 2005-жылдан 2013-жылга чейин аны Кыргыз Республикасында гана эмес, Россияда жана Азербайжанда өнүктүрүүгө катышкан. Бүгүнкү күндө микрокаржылоону өнүктүрүүдөгү жалпы стажы 20 жылдан ашыкты түзөт.

2013-жылы “Байлык Финанс” микрокредиттик компаниясына Башкы директор катары кошулуу чечимин кабыл алган.

ДЖАМАЛОВА МУБАРА
ДЖАМАЛОВА МУБАРА

Операциялык директор

Мубара Джамалова Кыргыз-Россия Славян университетинин бүтүрүүчүсү. Финансы секторундагы иш тажрыйбасы 15 жылдан ашык. Ар кайсы жылдары өлкөнүн ири банктарында – АзияУниверсалБанк, Банк «Бай-Түшүм» ЖАКда маркетинг, PR, изилдөө, продукттардын, кызматташтыктын жана каржылоонун жаңы схемаларын иштеп чыгуу жана киргизүү маселелерин координациялаган. Бай-Түшүм банкында эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө KIVA, жашыл каржылоо, аялдар ишкердиги жана башка социалдык долбоорлорду жигердүү илгерилеткен.

Бир учурда Мубара IFC (World Bank), GIZ, КР Айыл чарба министрлиги, «Спот-он» консалтинг компаниясы, МКК «Хумо» жана башка уюмдарда консультациялык ишмердүүлүк менен алектенген. Кыргызстандын Кооперативдер бирлигинин Башкармалыгынын мүчөсү болуп саналат.

Түштүк Кореяда, Вашингтондо, Японияда, Прагада, Алматыда жана Түркияда микрокаржылоонун ар кандай багыттарында: кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү, ЭЖБ жана энергиялык майнаптуулук, аялдардын лидерлиги жана ишкердиги, кооперативдик ишти каржылоо ж.б. жаатта квалификацияны жогорулатуу боюнча ар кандай эл аралык стажировкалардан өткөн.

ДЕРБИШАЛИЕВ АРЗЫМАТ
ДЕРБИШАЛИЕВ АРЗЫМАТ

Аймактык директору

Арзымат Дербишалиев Кыргыз-Россия Славян университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.

2009-жылы эмгек жолун ири жергиликтүү микрокредиттик компанияда кредит администратору катары баштаган, анда Арзымат кредит процессин өркүндөтүүгө катышкан, кредит персоналынын ишин текшерген, кредиттик портфелге мониторинг жана талдоо жүргүзгөн. Максатка умтулгандык, кесиптик жана жеке жөндөмүн өнүктүрүүгө, өркүндөтүүгө умтулуу Арзыматка 2011-жылы «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясын негиздөө мүмкүнчүлүгүн берди. Азыркы убакта Арзымат «Байлык Финанс» МКК Аймактык директору кызматын ээлейт.

2021-жылы Франкфурт Финансы жана менеджмент мектебинде окуусун ийгиликтүү аяктаган, анын жыйынтыгында тобокелдик менеджментти боюнча тастыктамаланган эксперт болуп саналат.

АБДИРАИМОВ ПАРДАВАЙ
АБДИРАИМОВ ПАРДАВАЙ

Филиал менеджери/Ислам терезесинин жетекчиси

Карьерасын «Компаньон» тобунда кредит адиси болуп баштаган. Улут кредит адиси, кредит менеджери, Чүй, Баткен жана Ош областтарында аймактык директор кызматында иштеген. Аймактык директору кызматында Бишкек шаарында жана өлкөнүн бир нече аймагында жайгашкан кеңселердин ишин контролдогон. Анын жетекчилиги астында компаниянын 36 өкүлчүлүгү жана 300дөн ашык кызматкер болгон. Ал иштеген жылдары компаниянын кардарларынын жалпы саны 50000 адамдан ашкан, ал эми кредит портфелинин көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашыкты түзгөн! Пардавай «Капитал Плюс» МКК ЖЧК Башкы директору кызматын ээлеген. Анын компетенциясына компанияны жалпы башкаруу жана өнүктүрүү кирген. Азыркы кызматында кеңселерди ачуу, өнүктүрүү жана сапаты үчүн жоопкерчилик тартат. Бекем үй-бүлөнү өзүнүн ийгиликтүү карьерасынын кепили деп эсептейт.

МАКСУТОВА АЙНУРА
МАКСУТОВА АЙНУРА

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы

Айнура Кудайназаровна, 27 жылдын иш тажрыйбасы бар персоналды өнүктүрүү жана башкаруу жаатындагы эксперт.

Бишкек гуманитардык университетин социалдык кызматкер/психолог адистиги боюнча аяктаган. Адам ресурстарын өнүктүрүү жана башкаруу боюнча бир катар тренингдерге катышкан. Ошондой эле персоналды кесипкөй тандоо жана түрткү берүү боюнча курстарды аяктаган.

Өзүнүн эмгек жолун Бишкек шаарында Тынчтык корпусунда тил жана маданият боюнча фасилитатор катары баштаган. OXUS МККда кадрлар боюнча адис катары иштеген. Андан ары эмгек жолун Банк «Бай Түшүм» ЖАКда персонал боюнча башкармалыктын начальниги катары уланткан. Банкты өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу менен алектенген, кадрларды тандоону жана жалдоону жүзөгө ашырган, персоналды окутуу жана өнүктүрүү системасын түзүүнүн үстүнөн иштеген.

Азыркы учурда кадрлар бөлүмүнүн менеджери кызматын ээлейт. “Байлык Финанс” МККда персоналды башкаруу жана өнүктүрүү процесстерин оптималдаштыруунун үстүнөн активдүү иштейт.

Суроолор калдыбы?

Сиз бул форманы колдонуу менен сатуу боюнча менеджерден кеңеш сурасаңыз болот




    petal