«Байлык Финанс» МКК ЖАКтын жеке дайындарды иштетүү жана
купуялуулук Саясаты
- Жалпы жоболор
- Ушул Жеке дайындарды иштетүү жана купуялуулук саясаты (мындан ары «Саясат») Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин (мындан ары «КР СК»), анын ичинде жеке дайындарды иштетүүнү жөнгө салуучу КР СКнын 11-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларынын (мындан ары «ЧУА») жана Кыргыз Республикасынын башка ЧУАларынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.
- Саясат «Байлык Финанс» Микрокредиттик компаниясы Жабык акционердик коому (мындан ары «Компания») тарабынан жеке дайындарды иштетүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана Компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу дайындары иштетиле турган жеке маалымат субъекттеринин бардык категорияларына жайылтылат.
- Саясат ачык документ болуп саналат, Компаниянын https://bf.kg/ веб-сайтында (мындан ары «Сайт») жана «Байлык 24» Уюлдук тиркемесинде (мындан ары «Уюлдук тиркеме») жайгаштырылат жана Компаниянын жеке дайындарды иштетүүнү жөнгө салуучу башка документтери менен, анын ичинде: Уюлдук тиркемени пайдалануу жөнүндө Ачык оферта жана анын 1-тиркемеси (Жеке дайындарды иштетүүгө макулдук), Кредиттик келишим жана жеке маалымат субъекттери менен түзүлүүчү башка жарандык-укуктук келишимдер, ошондой эле Компаниянын ички ченемдик документтери менен бирге колдонулат.
- Терминдер жана аныктамалар
Ушул Саясатта төмөнкү терминдер жана кыскартуулар колдонулат:
Компания — КР СКсынын 1-беренесине ылайык жеке жазуулардын ээси болуп саналган, жеке дайындарды иштетүүнүн максаттарын жана ыкмаларын өз алдынча аныктаган «Байлык Финанс» Микрокредиттик компаниясы Жабык акционердик коому.
Жеке дайындардын субъектиси — иштетилип жаткан жеке дайындар тиешелүү болгон жеке жак. Контекстке жараша субъект болуп төмөнкүлөр саналат:
- Сайтка кирүүчү — келишим түзбөстөн Сайтка киргүүчү ар кандай жеке жак;
- Болжолдуу кардар — Сайт аркылуу кеңеш алуу үчүн өтүнмө же кредит/каржылоо алуу үчүн онлайн- өтүнмө калтырган жеке жак;
- Кардар — 18 жашка толгон, толук укук жана аракет жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон, Компания менен Кредиттик келишим жана/же башка жарандык-укуктук келишим түзгөн жеке жак;
- Уюлдук тиркеменин колдонуучусу — Компаниянын офисинде идентификациядан өткөн, санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелер субъекттеринин Макулдашуусуна кол койгон жана Уюлдук тиркемеде катталган жеке жак;
- Өнөктөш / болжолдуу жабдуучу — Сайт аркылуу өнөктөштүккө өтүнмө калтырган жеке же юридикалык жак.
Жеке дайындар — жеке мүнөздөгү дайындарды камтыган санариптик дайындар, башкача айтканда, ушул маалыматтын негизинде же Компания жеткиликтүү болгон башка дайындар менен бирге аныкталышы мүмкүн болгон жеке жак жөнүндө маалымат.
Жеке дайындардын атайын категориялары — иштетилиши өзүнчө укуктук негизди талап кылган жеке дайындардын категориялары: ден соолук, расалык же этностук теги жөнүндө, саясий көз караштары, диний ишенимдери, кесиптик уюмдарда мүчөлүгү, генетикалык маалыматы тууралуу дайындар.
Жеке дайындарды иштетүү — жеке дайындарга карата жүргүзүлгөн ар кандай аракет (операция) же аракеттердин жыйындысы, анын ичинде чогултуу, жазуу, уюштуруу, түзүмдөө, топтоо, сактоо, ыңгайлаштыруу, өзгөртүү, пайдалануу, ачыкка чыгаруу, жайылтуу, салыштыруу, өчүрүү же жок кылуу.
Иштетүүчү — Компания келишимдин негизинде жеке дайындарды иштетүүнү тапшырган санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъектиси.
Трансчек–аралык берүү — башка мамлекеттердин юрисдикциясында жайгашкан жазуулардын ээлерине жеке дайындарды берүү.
Субъекттин макулдугу — алынгандыгын ырастоого мүмкүндүк берүүчү ар кандай формада берилген, жеке дайындардын субъектиси тарабынан өзүнүн жеке дайындарын иштетүүгө карата ыктыярдуу, так, маалымдалган жана аң-сезимдүү эрк билдирүүсү. Макулдук субъект тарабынан аны берүү жол-жобосунан оор болбогон тартипте кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.
Уюлдук тиркеме — Колдонуучу тарабынан Компаниянын кызматтарын алуусуна арналган Android операциялык системасынын жана/же башка колдоого алынган операциялык системалардын негизиндеги «Байлык 24» программалык камсыздоосу.
Кредиттик келишим — Компания менен Кардардын ортосунда түзүлгөн, микрокредит берүүнү караган жана аны берүү, пайдалануу жана кайтаруу шарттарын аныктаган келишим.
АБС — Компаниянын автоматташтырылган банктык системасы.
ДМЧЖ — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жак.
ПФПД/ЛПД — Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 6-августундагы № 87-«Кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү.
- Жеке маалымат субъекттеринин категориялары жана иштетүүнүн укуктук негиздери
Компания жеке дайындарды КР СКнын 79-беренесинде каралган төмөнкү негиздердин жок дегенде бири болгон учурда иштетет:
- субъект тарабы болуп саналган келишимди түзүү же аткаруу зарылдыгында;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген милдеттерди аткарууда;
- субъекттин укуктарын сактоо шарты менен Компаниянын мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууда;
- башка негиздер жок болгон учурда — жеке дайындар субъектинин макулдугунда.
- Сайтка кирүүчү
- Сайтка кирген учурда Компания автоматтык түрдө техникалык дайындарды алат: IP-дарек, браузер жана түзмөк тууралуу дайындар, cookie файлдары, Сайттагы аракеттер тууралуу дайындар. Жыйноо, Google Analytics кызматы аркылуу да жүргүзүлөт.
- Иштетүү Сайтынын ишин, анын коопсуздугун камсыз кылуу жана кызматтардын сапатын жакшыртуу максатындагы Компаниянын мыйзамдуу кызыкчылыгынын негизинде жүргүзүлөт.
- Болжолдуу кардар
- Компаниянын Сайтында төмөнкү формалар жеткиликтүү:
- «Кеңеш алуу үчүн өтүнмө» формасы — субъект кайрылуунун темасын, атын жана уюлдук телефон номерин көрсөтөт. Дайындар Компаниянын Байланыш борборуна түшөт. Иштетүү субъекттин демилгеси боюнча келишим түзүлгөнгө чейинки чаралардын негизинде жүргүзүлөт;
- «Онлайн-өтүнмө» формасы — субъект Толук аты-жөнүн, электрондук почта дарегин, телефон номерин, каржылоонун суммасын жана мөөнөтүн, каржылоонун максатын, пикирлерди көрсөтөт, ошондой эле көчмө тейлөө зарылдыгын белгилей алат («Мен көчмө тейлөөгө муктажмын (ДМЧЖ)»). Дайындар Компаниянын Байланыш борборуна түшөт. Иштетүү субъекттин демилгеси боюнча келишим түзүлгөнгө чейинки чаралардын жана «Жөнөтүү» баскычын басуу менен билдирилген субъекттин макулдугунун негизинде жүргүзүлөт. Көчмө тейлөөнүн зарылдыгы тууралуу белги маалыматтык мүнөзгө ээ — ДМЧЖ макамын акыркы каттоо субъект офиске жекече кайрылганда Компаниянын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
- Кардар
- Компания менен Компаниянын офисинде Кредиттик келишим жана/же башка жарандык-укуктук келишим түзгөн жеке жак.
- Иштетүү, мыйзам талаптарындагы келишимди аткаруунун, (анын ичинде ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө) жана Кардардын өз колу менен кол коюлган өзүнчө документ түрүндө таризделген макулдугунун негизинде жүргүзүлөт.
- Уюлдук тиркеменин колдонуучусу
- Компаниянын офисинде идентификациядан өткөн жана Ачык офертаны тастыктоо жолу менен Уюлдук тиркемеде катталган жеке жак. Уюлдук тиркемеде катталуу ыктыярдуу болуп саналат жана Кредиттик келишим түзүүнүн милдеттүү шарты болуп эсептелбейт.
- Азыркы учурда Уюлдук тиркеме Компаниянын офистеринде каттоодон жана идентификациядан өткөн учурдагы Кардарлар үчүн гана жеткиликтүү.
- Иштетүү Колдонуучу тарабынан тастыкталган Ачык офертанын жана анын 1-тиркемесинин (Жеке дайындарды иштетүүгө макулдук) негизинде жүргүзүлөт.
- Өнөктөш / болжолдуу жабдуучу
- Сайттагы «Өнөктөш болуу» формасын толтурганда субъект уюмдун юридикалык аталышын, байланыштагы жактын толук аты-жөнүн, телефон номерин, электрондук почта дарегин берет.
- Иштетүү субъекттин демилгеси боюнча келишим түзүлгөнгө чейинки чаралардын жана «Өтүнмө калтыруу» баскычын басуу менен билдирилген макулдуктун негизинде жүргүзүлөт.
- Болжолдуу кардар
- Иштетилүүчү жеке дайындардын категориялары
- Сайтка кирүүчүнүн дайындары (автоматтык түрдө чогултулат):
- IP-дарек;
- браузер дайындары (түрү, версиясы, тили);
- түзмөк тууралуу дайындар (түрү, операциялык системасы);
- cookie файлдары;
- Сайттагы аракеттер тууралуу дайындар (кирген баракчалар, Сайтта болгон убакыт).
- Болжолдуу кардардын дайындары:
- «Кеңеш алуу үчүн өтүнмө» формасы:
- аты (эркин формада);
- уюлдук телефон номери;
- кайрылуунун темасы (эркин формада).
- Онлайн-өтүнмө:
- Толук аты-жөнү;
- электрондук почта дареги;
- телефон номери;
- каржылоонун суммасы жана мөөнөтү;
- каржылоонун максаты;
- пикирлер (эркин формада);
- көчмө тейлөөнүн зарылдыгы тууралуу белги (ДМЧЖ) — маалыматтык мүнөзгө ээ, ДМЧЖ макамы субъект офиске жекече кайрылганда Компаниянын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан Компаниянын АБСсында катталат.
- QR-сервис аркылуу кредитти төлөө:
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары — ИНН) — субъект тарабынан өз алдынча киргизилет жана төлөм тескемесин түзүү үчүн Компаниянын төлөм өнөктөшүнө өткөрүлүп берилет.
- Тандалган продуктунун түрү (классикалык кредит же исламдык каржылоо) төлөмдү туура багыттоо максатында бекитилет.
- Кардардын дайындары:
- Келишим түзүүдө Кардар тарабынан өз алдынча берилүүчү:
- жөнү, аты, атасынын аты (бар болсо);
- жынысы;
- туулган күнү;
- жарандыгы;
- персоналдык идентификациялык номер (мындан ары — ПИН);
- күбөлөндүрүүчү документтин сериясы, номери, берилген күнү жана жарактуулук мөөнөтү, документти берген органдын аталышы;
- жашаган жеринин дареги (анык жана катталган дарек);
- үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлө курамы;
- телефон номери;
- электрондук почта дареги;
- иштеген жери, кызматы;
- эмгек акысынын жана башка кирешелеринин көлөмү;
- мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө дайындар;
- банктык эсептин же башка электрондук төлөм каражатынын реквизиттери;
- билими жана эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө дайындар.
- Кардардын макулдугу менен үчүнчү жактардан алынуучу:
- кредиттик бюролордон жана мобилдик байланыш операторлорунан алынган дайындар;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан алынган дайындар;
- КР жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик тизмесинен алынган дайындар (КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлиги, «Кызмат» ММ);
- Улуттук интеграцияланган кадастрдык системадан алынган дайындар;
- башка мыйзамдуу булактардан алынган дайындар.
- Тейлөө процессинде чогултулуучу:
- жүргүзүлгөн операциялар жана кредиттик тарых тууралуу маалымат;
- Компаниянын Байланыш борборуна кайрылуулардын жазуулары;
- келишимди аткаруу үчүн зарыл болгон башка дайындар.
- Уюлдук тиркеменин Колдонуучусунун дайындары:
- логин (уюлдук телефон номери), ПИН-код;
- мобилдик түзмөк тууралуу дайындар: модели, операциялык системасынын версиясы, түзмөктүн өзгөчө идентификаторлору;
- Уюлдук тиркемеде жасалган аракеттер жана сурамжылоолор тууралуу мсаалыматтар;
- Уюлдук тиркемени пайдалануунун жабык статистикасы;
- Уюлдук тиркеме аркылуу кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон башка дайындар.
- Өнөктөштүн / болжолдуу жабдуучунун дайындары:
- уюмдун юридикалык аталышы;
- байланыштагы жактын толук аты-жөнү;
- телефон номери;
- электрондук почта дареги.
- Кардардын дайындары:
- Болжолдуу кардардын дайындары:
- Ден соолугунун абалы тууралуу дайындарды иштетүү
- КР СКнын 80-беренесине ылайык ден соолук абалы тууралуу дайындар жеке дайындардын атайын категорияларына кирет жана аларды иштетүү өзүнчө укуктук негизди талап кылат.
- Компания Кардардын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жак (ДМЧЖ) макамына ээ экендиги тууралуу дайындарды иштетет. Макам Кардар офиске кайрылганда көрсөткөн документтин негизинде Компаниянын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан АБСда катталат. Сайт аркылуу онлайн-өтүнмөдө көчмө тейлөөнүн зарылдыгын көрсөткөн субъект Компанияга өзүнүн каалоосу тууралуу маалымдайт — макамды каттоо субъект офиске жекече кайрылганда ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан аткарылат.
- Дайындар тийиштүү тейлөөнү уюштуруу максатында гана иштетилет. Укуктук негиз — субъекттин ачык эрк билдирүүсү.
- Компания ден соолук тууралуу дайындарга карата кошумча коргоо чараларын кабыл алат жана аларды ушул Саясатта көрсөтүлгөн максаттардан башка максаттарда иштетпейт.
- Жеке дайындарды иштетүүнүн максаттары
- Компания жеке дайындарды төмөнкү алдын ала аныкталган жана мыйзамдуу максаттарда иштетет:
- Жеке дайындар субъектинин идентификациясы жана верификациясында.
- Кредиттик келишим жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүү жана аткарууда.
- Кардардын кредитке жөндөмдүүлүгүн жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо, кредиттик дайындарды текшерүүдө.
- Микрокредиттерди берүү, тейлөө жана төлөтүү, аракеттеги кредиттерге байкоо жүргүзүүдө.
- Уюлдук тиркеменин жана Сайттын иштөөсүн жана техникалык функционалдуулугун камсыз кылуу, кызматтардын сапатын жакшыртууда.
- Коопсуздукту камсыз кылуу, алдамчылык аракеттерди жана уруксатсыз жеткиликтүүлүктүн алдын алууда.
- Субъекттер менен өз ара аракеттенүүдө: билдирүүлөр, кеңеш, кайрылууларды жана дооматтарды кароодо.
- Компаниянын продуктулары жана кызматтары жөнүндө маалымдоодо (Уюлдук тиркеменин жөндөөлөрү аркылуу же Байланыш борборуна кайрылуу жолу менен жарнамалык билдирүүлөрдөн баш тартуу укугу менен).
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу, анын ичинде ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө, сот актыларын жана башка органдардын актыларын аткарууда.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген архивдик сактоо мөөнөттөрүнө ылайык документтерди сактоодо.
- Болжолдуу өнөктөштөрдүн жана жабдуучулардын өтүнмөлөрүн кароодо.
- Сайттын ишин камсыз кылуу жана аны пайдаланууну талдоодо (веб-аналитика).
- ДМЧЖларды тийиштүү тейлөөнү уюштурууда.
- Компания иштетилип жаткан дайындардын көлөмү жарыяланган иштетүү максаттарына ылайык келишин камсыз кылат жана алардын ашыкча болушун жоюу боюнча чараларды көрөт.
- Жеке дайындарды иштетүүнүн принциптери
- Компания жеке дайындарды төмөнкү принциптерге ылайык иштетет:
- Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, айкындуулук — иштетүү мыйзамдуу негиздерде, субъектке карата ачык түрдө жүргүзүлөт.
- Максатты чектөө — дайындар так, алдын ала аныкталган жана мыйзамдуу максаттар үчүн гана иштетилет; субъекттин макулдугусуз максатты өзгөртүүгө жол берилбейт.
- Дайындарды минималдаштыруу — иштетилип жаткан дайындардын көлөмү иштетүү максатына жетүү үчүн зарыл болгон өлчөмдөн ашпайт.
- Тактык — Компания дайындардын тактыгын, жетиштүүлүгүн жана жигердүүлугүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
- Сактоо мөөнөтүн чектөө — дайындар иштетүү максаттары же мыйзам талап кылган мөөнөттөн ашык сакталбайт.
- Бүтүндүк жана купуялуулук — иштетүү дайындарга уруксатсыз жеткиликтүүлүктөн, жок кылуудан же бузулуудан коргоо боюнча уюштуруучулук жана техникалык чараларды колдонуу менен жүргүзүлөт.
- Компания көрсөтүлгөн принциптердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана алардын сакталганын ырастай алууга тийиш.
- Жеке дайындарды үчүнчү жактарга берүү
- Компания субъекттердин жеке дайындарын төмөнкү учурлардан тышкары үчүнчү жактарга бербейт:
- субъект берүүгө ачык макулдук бергенде;
- берүү субъект менен түзүлгөн келишимди аткаруу үчүн зарыл болгондо;
- берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралганда.
- Компаниянын ички түзүмдүк бөлүмдөрү
- Жеке дайындарга кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл болгон Компаниянын кызматкерлери гана жеткиликтүү болот.
- Сайттан түшкөн өтүнмөлөр (кеңеш алууга өтүнмө, онлайн-өтүнмө, өнөктөштүккө өтүнмө) Компаниянын Байланыш борборуна келип түшөт. Уюлдук тиркеме аркылуу берилген кредит алуу боюнча өтүнмөлөр андан ары иштетүү жана чечим кабыл алуу үчүн Компаниянын офистеринин кызматкерлерине келип түшөт.
- Иштетүүчүлөр
- Компания келишимдин негизинде иштетүүчүлөрдү тартууга укуктуу. Иштетүүчүлөргө төмөнкүлөр кирет:
- Компаниянын төлөм өнөктөштөрү — кредитти төлөө боюнча сурамжылоолорду иштетүү үчүн, анын ичинде Сайттагы QR-сервисти пайдаланууда (субъекттин ИННи төлөм тескемесин түзүү үчүн төлөм өнөктөшүнө берилет);
- келишимдин негизинде Компаниянын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тартылган башка уюмдар.
- Компания иштетүүчү тарабынан жеке дайындарды иштетүү бөлүгүндө КР СКнын талаптарынын сакталышын камсыз кылат.
- Мыйзамдын талабы менен үчүнчү жактар
- Иштетүүчүлөр
- Компания жеке дайындарды мамлекеттик органдарга, кредиттик бюролорго, Социалдык фондго, сотторго жана башка ыйгарым укуктуу органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте, анын ичинде ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү талаптарды аткаруунун алкагында өткөрүп берет.
- Трансчек-аралык берүү
- Компания төмөнкү учурларда жеке дайындарды трансчек-аралык өткөрүүүнү аткарат:
- Сайттагы Google Analytics кызматын колдонуу Сайтка кирүүчүлөрдүн техникалык дайындарын (IP-дарек, браузер тууралуу дайындар, Сайттагы аракеттер) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан Google серверлерине өткөрүп берүүнү божомолдойт. Берүү Компаниянын мыйзамдуу кызыкчылыгынын негизинде жүргүзүлөт;
- башка мамлекеттердин юрисдикциясында жайгашкан үчүнчү жактарга субъекттердин жеке дайындарын берүү субъекттин трансчек-аралык өткөрүүгө берген макулдугунун негизинде же мындай берүү субъект тарап болуп саналган келишимди түзүү же аткаруу үчүн зарыл болгон учурда, КР СКнын 89-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
- Үчүнчү жактардын дайындары
- Эгерде Кардар Компанияга үчүнчү жактардын жеке дайындарын (мисалы, кепилдердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн) берсе, ал көрсөтүлгөн дайындарды чогултууга, иштетүүгө жана өткөрүп берүүгө алардын макулдугун алгандыгын ырастайт.
- Трансчек-аралык берүү
- Жеке дайындарды сактоо мөөнөттөрү
- Компания жеке дайындарды аларды иштетүүнүн максаттары талап кылган мөөнөттөн ашык сактабайт. Иштетүү максаттарына жеткенден кийин же аларга жетүү зарылдыгы жоголгондо, эгерде мыйзамдарда башка мөөнөт белгиленбесе жеке дайындар өчүрүлүүгө же жашырылууга тийиш.
- Субъекттердин категориялары боюнча сактоо мөөнөттөрү:
- Сайтка Кирүүчүлөрдүн дайындары (куки, логдор) — мыйзамдарда башкасы белгиленбесе, иштетүү максатына жетүү үчүн зарыл болгон мөөнөт ичинде;
- Болжолдуу кардардын дайындары (Сайт аркылуу өтүнмөлөр) — мыйзамдарда башкасы белгиленбесе, арызды кароо жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон мөөнөт ичинде;
- Кредиттик келишим боюнча Кардардын дайындары — келишимдин колдонуу мөөнөтүнөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген коммерциялык банктардын жана каржы-кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүндө түзүлүүчү негизги документтердин сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн тизмеси менен белгиленген мөөнөттөрдөн кем эмес;
- Уюлдук тиркеменин Колдонуучусунун дайындары — эгерде мыйзамдарда башкасы белгиленбесе Компания менен түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнөн кем эмес;
- Өнөктөштүн / болжолдуу жабдуучунун дайындары — эгерде мыйзамдарда башкасы белгиленбесе, арызды кароо жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон мөөнөт ичинде.
- Дайындарды мөөнөтүнөн мурда өчүрүүнүн негиздери КР СКнын 83-беренесинде каралган, анын ичинде: дайындар иштетүү максаттары үчүн мындан ары керек болбой калганда; башка укуктук негиздер жок учурда субъект макулдугун кайра чакыртып алганда; субъект иштетүүгө каршы негиздүү каршылык жөнөткөндө.
- Жеке маалымат субъекттеринин укуктары
- Жеке дайындардын ар бир субъектиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- Өзүнүн жеке дайындарын иштетүү жөнүндө маалымат алууга, анын ичинде максаттар, укуктук негиздер, дайындардын категориялары, сактоо мөөнөттөрү жана алуучулардын тизмеси жөнүндө.
- Өзүнүн жеке дайындарына жана аларды камтыган жазуулардын көчүрмөлөрүнө жеткиликтүүлүк алууга.
- Толук эмес же так эмес дайындарды тактоону жана оңдоону талап кылууга.
- КР СКнын 83-беренесинде каралган негиздер болгон учурда жеке дайындарды өчүрүүнү талап кылууга.
- Белгилүү ыкмалар же белгилүү максаттар боюнча жеке дайындарды иштетүүгө каршы каршылык жөнөтүүгө. Компания каршылыкты карап чыгып, 7 (жети) жумушчу күндүн ичинде жүйөлүү жооп жөнөтүүгө милдеттүү.
- КР СКнын 85-беренесинде каралган учурларда иштетүүнү чектөөнү талап кылууга.
- Жеке дайындарды иштетүүгө берилген макулдукту кайра чакыртып алууга. Макулдукту кайра чакыртып алуу аны кайра чакыртып алганга чейин жүргүзүлгөн иштетүүнүн мыйзамдуулугуна таасир этпейт. Макулдук кайра чакыртып алынганда Компания КР СКнын 79-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган башка негиздер болгон учурда иштетүүнү улантууга укуктуу.
- Компаниянын чечимдерине жеке дайындар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу органга же сотко даттанууга.
- Өз укуктарын ишке ашыруу үчүн жеке дайындардын субъектиси Компанияга callcenter@bf.kg электрондук почта дареги боюнча же Сайтта көрсөтүлгөн Байланыш борборунун телефондору аркылуу жазуу жүзүндөгү кайрылуу жөнөтөт.
- Компания кайрылууну карап чыгып, 7 (жети) жумушчу күндүн ичинде жүйөлүү жооп жөнөтөт.
- Жеке дайындарды коргоо чаралары
- Компания жеке дайындарды уруксатсыз кирүүдөн же мыйзамсыз жеткиликтүүлүктөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, жайылтуудан коргоо үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт, анын ичинде:
- Компанияда жеке дайындарды иштетүүгө жооптуу кызматкерди дайындоо;
- жеке дайындарга жеткиликтүүлүктү чектөө —ишмердүүлүк мүнөзүнө жараша зарыл болгон Компаниянын кызматкерлери үчүн гана;
- дайындарды коргоонун техникалык каражаттарын колдонуу;
- кызматкерлерди жеке дайындарды иштетүү эрежелерине окутууну уюштуруу;
- дайындарды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан Компаниянын серверлеринде сактоо (ушул Саясаттын 7.5-бөлүмүндө көрсөтүлгөн трансчек-аралык берүү учурларын кошпогондо).
- Жеке маалымат субъекттеринин милдеттери
- Жеке дайындардын субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Компанияга өзү жөнүндө ишенимдүү дайындарды гана берүүгө;
- иштетүү максаты үчүн зарыл болгон көлөмдө маалымат берүүгө;
- өзүнүн жеке дайындары өзгөргөн учурда Компанияга өз убагында билдирүүгө.
- Корутунду жоболор
- Ушул Саясат менен жөнгө салынбаган жеке дайындарды иштетүүгө тиешелүү бардык маселелер КР СК жана Кыргыз Республикасынын башка колдонулуучу мыйзамдары менен жөнгө салынат.
- Компания ушул Саясатка бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Жаңы редакция, эгерде жаңы редакцияда башкасы каралбаса, Сайтта жана/же Уюлдук тиркемеде жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет. Өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин Компаниянын кызматтарын пайдаланууну улантуу субъекттин жаңыртылган Саясатка макул экендигин билдирет.
- Ушул Саясат КР СКнын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ЧУАларынын жана Кыргыз Республикасынын башка ЧУАларынын талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
- Субъект жеке дайындарды иштетүүгө байланыштуу бардык маселелер боюнча төмөнкү даректер боюнча кайрылууга укуктуу:
- callcenter@bf.kg электрондук почтасы аркылуу;
- Байланыш борборунун телефону аркылуу: 0(220) 991-111, 0(559) 991-111, 0(509) 991-111;
- Бишкек ш., Фатьянов көч., 170, 2-кабат дареги аркылуу.
Суроолор калдыбы?
Сиз бул форманы колдонуу менен сатуу боюнча менеджерден кеңеш сурасаңыз болот


