Language switcher

  • 699 просм.

Жаны жыл алдындагы гуманитардык жардам!

2019-жыл Компания үчүн абдан керектүү иш – биз үчүнчү жолу өткөрүп жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү Акциясы менен аяктады.

Жалпы Республика боюнча 520 үй-бүлө жаңы жылдык дасторконго азык-түлүк топтомун алышты. Жардам алгандар тѳмѳндѳгүлѳр болушту:

  • Бой жете элек балдарын тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер же аталар;
  •  65 жаштан жогору жалгыз бой пенсионерлер;
  •  5 же андан көп балалуу үй-бүлөлөр;
  •  1- жана 2-топтогу майыптар.

Колдоо кѳрсѳтүлгѳн үй-бүлөлөрдѳн айтылган  ыраазычылык сөздөр жана жакшы каалоолор  бизге 2020-жыл бою жылуулук тартуулайт деген ишеничтебиз!

  • admin      
  • 699 просм.
Бөлүшүү: