Language switcher

  • 497 просм.

Мыкты кызматкерлерди сыйлоо – «Байлык Финанс» МККнын жакшы салты

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Компаниянын 50 дѳн ашык кызматкери Компаниянын  ѳнүгүшүнѳ кошушкан ѳзгѳчѳ салымдары үчүн грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Ошондой эле 2019-жылы  эң жакшы натыйжаларды кѳрсѳтүшкѳн  биздин 30 дан ашуун кесиптештерибиз жолдомолор менен сыйланышты. Алар бул жылды жагымдуу саякаттар – Персия булуңу боюнча круизден Катар Королдугуна  жана анын борбору Дохага тийип ѳтүү менен Оман Султанатын, ошондой эле Араб Эмираттарынын эң жаркын жана кѳзгѳ урунарлык Дубай менен Абу-Даби саякаттык шаарларын   кѳрүү менен башташты.

Биз кесиптештерибиз үчүн  ѳзгѳчѳ кубанычтабыз жана дем алуулары учурунда алышкан жагымдуу таасирлери  аларды 2020-жылы мындан дагы  бийик натыйжаларга умтулуп жетүүлѳрүнѳ түрткү берет деген үмүттѳбүз.

  • admin      
  • 497 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви