- 579 просм.
Мыкты кызматкерлерди сыйлоо – «Байлык Финанс» МККнын жакшы салты
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Компаниянын 50 дѳн ашык кызматкери Компаниянын ѳнүгүшүнѳ кошушкан ѳзгѳчѳ салымдары үчүн грамоталар жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Ошондой эле 2019-жылы эң жакшы натыйжаларды кѳрсѳтүшкѳн биздин 30 дан ашуун кесиптештерибиз жолдомолор менен сыйланышты. Алар бул жылды жагымдуу саякаттар – Персия булуңу боюнча круизден Катар Королдугуна жана анын борбору Дохага тийип ѳтүү менен Оман Султанатын, ошондой эле Араб Эмираттарынын эң жаркын жана кѳзгѳ урунарлык Дубай менен Абу-Даби саякаттык шаарларын кѳрүү менен башташты.
Биз кесиптештерибиз үчүн ѳзгѳчѳ кубанычтабыз жана дем алуулары учурунда алышкан жагымдуу таасирлери аларды 2020-жылы мындан дагы бийик натыйжаларга умтулуп жетүүлѳрүнѳ түрткү берет деген үмүттѳбүз.
![](https://bf.kg/files/1..jpg)
![](https://bf.kg/files/2_2.jpg)
![](https://bf.kg/files/5_1.jpg)
![](https://bf.kg/files/3_1.jpg)
![](https://bf.kg/files/4_1.jpg)
- 579 просм.