Language switcher

  • 535 просм.

«Байлык Финанс» Компаниясы мыкты кызматкерлерин чет ѳлкѳгѳ сапарга жѳнѳтүү менен сыйлады.

Салт боюнча, «Байлык Финанс» мыкты кызматкерлерин чет өлкөгө саякат менен сыйлайт. Бул жылы Компания 40 мыкты кызматкерлерин Түркиянын Стамбул шаарына бир жумалык сапарга жөнөттү.

Биз кесиптештерибиз үчүн абдан кубанычтабыз! Анткени ѳз  аракетиң, эмгегиң туура бааланып, сыйланышың абдан жагымдуу да. Компания дагы бир жолу мыкты кызматкерлерине жаңы жетишкендиктерге шыктануунун бир үзүмүн берүү менен, Компаниянын бардык кызматкерлерине дагы алардын мыктыларга теңелүүсү жана учурдагы жетишкендиги менен эле токтоп  калбоосу үчүн мотивация берди.

«Байлык Финанс» Компаниясынын жетекчилигине көп жылдар бою эсте кала турган укмуштуудай эс алууну уюштургандыгы үчүн чоң рахмат. Стамбулга болгон сапар позитивдүү эмоциялардын чоң демин берди. Айрыкча түнкү Босфор эсимден чыкпас болуп калды. Мен эң сонун кесипкѳйлѳр командасынын мүчөсү экенимдигиме жана ал жактан өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып жаткандыгыма кубанычтамын.Камкордуктар үчүн рахмат, бул абдан чоң түрткү жана жаңы жетишкендиктерге шыктандырат. «Байлык Финанс» компаниясына рахмат!»- деп маалыматтык системаны тейлөө боюнча адис Айдай Абдиева оюн билдирди.

  • admin      
  • 535 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви