Language switcher

  • 555 просм.

«АЛТЫН АЙЫМ» БИЗНЕС ПЛАНДАРДЫН КОНКУРАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

«Алтын Айым» сынагынын мыкты ишкер айымдарына грант жана жеңилдетилген каржылоо боюнча сертификаттар тапшырылды.

2022-жылдын 27-декабрында «Байлык Финанс» МККсынын өкүлдөрү «Алтын Айым» сынагынын жеңүүчүлөрүнө гранттык жана жеңилдетилген каржылоо сертификаттарын тапшырышты.

Белгилей кетсек, Сынак «Мен Кыргызстанды сүйөм» жаштар кыймылы жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, USAIDдин «Келечек өсүү демилгеси» долбоору, «Байлык Финанс» МКК жана «Аманат Кредит» МКК тарабынан колдоого алынган. Долбоор аймактардагы аялдарга ишкерликтин негиздерин үйрөтүү аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

2022-жылдын октябрынан бери Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарында эки күндүк 12 тренинг өткөрүлүп, ага 204 ишкер, анын ичинде Байлык Финанстын кардарлары катышты. Алган билиминин, ошондой эле бизнестеги тажрыйбасынын негизинде окуудан өткөндөн кийин аялдар Бизнес-план сынагына 50 000 сом өлчөмүндөгү грантты утуп алуу же 100 000 сомго чейин жеңилдетилген каржылоо мүмкүнчүлүгү менен катышты.

  • admin      
  • 555 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви