Language switcher

  • 1001 просм.

Green Office стандарттарын ишке ашыруу

«Байлык Финанс» Юнисон Групп компаниясы менен түзүлгөн кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында жана «Кыргызстандын туризм индустриясында энергетикалык жана ресурстук эффективдүүлүктү илгерилетүү» – ПЕРЕТО долбоорун андан ары ишке ашыруу максатында иштин биринчи этабын ишке ашырды.
Юнисон Групп Кант жана Кара-Балта шаарларындагы Байлык Финанс кеңселерине энергетикалык аудит жүргүздү. Юнисон Групп инженерлери стандарттарга шайкештигин текшеришти:
Курулуштун энергия эффективдүүлүгү жана жылуулукту жоготуу
абанын сапаты жана нымдуулугу,
ички микроклимат,
жабдуулардын энергия керектөө
жарык деңгээл, ж.б.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча «Байлык Финанс» компаниясы «Жашыл офис» стандарттарын ишке киргизет, ал Компаниянын ишмердүүлүгүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтат жана өзүнүн экологиялык жана социалдык жоопкерчилигин көрсөтүү менен ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт.
Кызматташтыктын кийинки этаптары төмөнкүлөр болот деп пландаштырылууда:
экономиканын ар кандай секторлорунда, анын ичинде туризмде энергияны натыйжалуу технологияларды жана кайра жаралуучу булактарды колдонууга басым жасоо менен кредиттик продуктуну модификациялоо;
жана Компаниянын кредиттик кызматкерлери үчүн «Жашыл» өнүмдөрдү жайылтуу боюнча бир катар тренингдерди өткөрүү.

  • admin      
  • 1001 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви