Language switcher

  • 510 просм.

Майрамкул Турсунбековнанын турак-жайынын сапатын жакшыртуу боюнча шыктандырган окуясы

Кызыл Октябрь айылынын китепканачысы Абдыразакова Майрамкүл Турсунбековна 2014-жылдан бери «Байлык Финанс» Компаниясы  менен кызматташып келе жатат.

Майрамкүл Турсунбековнанын үйүндө көптөн бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, эски жыгач терезелерде жаракалар пайда болуп, суук  шамал жана муздактык үйдѳн туруктуу орун алып калган. Ѳзүнүн пленка менен жылуулоосу жардам берген жок, тескерисинче, терезе тешиктерин ным басып, көк пайда болгон. Үй-бүлѳнүн улгайган мүчөлөрү тез-тез ооруй башташты.

2018-жылы Майрамкүл Турсунбековна терезелерди алмаштырууну чечкен. Компания менен узак жана жемиштүү кызматташуунун натыйжасында ал үйүн жылуулоо үчүн насыя алууга кайрыла аларын так билген.

Компаниянын кызматкерлери кеңири консультацияларды өткөрүп, Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен кызматташуунун алкагында  даярдалган пластик терезелерди өз алдынча орнотуу тууралуу видеоролик көрсөтүштү. Майрамкүл Турсунбековнанын терезе орнотуу үчүн жумушчуларды жалдаганга каражаты жок болгондуктан, видеоматериалдын кереги учурунда  тийип, агасынан жардам сурады,  ал болсо  диск менен терең таанышып , терезелерди кыйналбастан эле өзү орнотуп берди.

Сабаттуу түзүлгѳн сметанын жана колуна тийген видеофильмдин  жардамы аркасында Майрамкүл Турсунбековна ишке жумшалуучу күчтү үнѳмдѳй алды, ал эми мындан ары кыш мезгилинде кѳмүрдү сатып алууга кетчү чыгымы да тѳмѳндѳйт.

Майрамкүл Турсунбековна сатып алгандарына ыраазы: «Азыр үйдө дайыма жылуу. Заманбап пластик терезелер абаны өткөрүшпѳйт жана тышкы кѳрүнүштү да  бир топ кѳрктѳндүрүштү. Баары жакшы! «Байлык Финанс» Компаниясынын мага жардам бергенине кубанычтамын».

«Байлык Финанс» Компаниясы 5 жылдан бери турак-жай шарттарын оңдоп-түзѳѳ, энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу жана үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн насыяларды ийгиликтүү берип келет.

«Бул долбоордун максаты калкка электроэффективдүүлүк боюнча маалымат берүү болуп саналат, ошондуктан биздин кызматкерлер кардарлардын көңүлүн өздөрүнүн үйлөрүндө жана батирлеринде жашоонун шарттарын бир топ ыңгайлуу кылып  түзүүгө бурат», – дейт Борбордук филиалдын директору Чолпон Асакеева.

Энергоэффективдүүлүк продукту боюнча насыя берүүнүн шарттары менен  Компаниянын  сайтында таанышууга  болот.

Суроолоруңуздар пайда болсо , жакын жайгашкан кеңсеге кайрылыңыздар же болбосо 0(312) 314-910, 0(701) 511-761 (WhatsApp)  номерине чалыңыздар.

  • admin      
  • 510 просм.
Бөлүшүү: