Language switcher

  • 483 просм.

Аялдардын ишкердигин колдоо максатында!

МКК «Байлык Финанс» менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2023-жылдын 21-февралында аялдардын ишкердигин колдоо программасынын алкагында кредиттик макулдашууга кол коюшту.
Бул келишимдин алкагында 2 миллион доллар өлчөмүндө финансылык пакет берүү пландалууда.

Бул программа Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкердигин колдоонун натыйжалуу системасын өнүктүрүүгө, анын ичинде өндүрүштү стимулдаштырууга жана рынокту товарлар жана кызматтар менен толтурууга, ошондой эле ишкер аялдарга тажрыйба алууга жана өз бизнесин ийгиликтүү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. ишкер аялдар тарабынан башкарылуучу чакан жана орто бизнести колдоо жана каржылоонун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн интервенцияларды, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон инновацияларды камтыйт.

  • admin      
  • 483 просм.
Бөлүшүү: