Language switcher

  • 504 просм.

КОМПАНИЯНЫН ИЙГИЛИГИ – АНЫ ЖЕТЕКЧИ

Бизнестеги ийгилик – бул максаттарга жетүү
2022-жылдын 15-сентябрынан 29-сентябрына чейин “Байлык Финанс” ЖЧКсынын башкы директору Молдажанова Чынара Даркенбаевна “Квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик өнүгүү” программасынын алкагында онлайн тренингге катышты. Бул программаны ишке ашыруудагы өнөктөштөр CIPE Эл аралык жеке ишкердик борборунун жана IFCнин колдоосу менен Украинанын Корпоративдик башкаруу институту болду.
Бул тренинг чакан жана орто компаниялардын директорлорунун квалификациясын жогорулатуу, корпоративдик башкаруунун эффективдүү моделин жана «мыкты тажрыйбаларын» курууга «дүйнөлүк стандарттарды» жана туура мамилени колдонуу менен сапатты башкарууну жакшыртуу максатында өткөрүлдү.
Программанын катышуучулары бизнестин эң татаал көйгөйлөрүн чечүүдө өз тажрыйбасы менен бөлүшө алышты, корпоративдик башкаруунун эффективдүү моделин курууга болгон мамилеси менен бөлүшө алышты жана корпоративдик маданият, анын компаниянын бизнес ийгилиги үчүн практикалык мааниси жөнүндө көп нерселерди биле алышты.
Тренингдин жыйынтыгында бардык катышуучулар Корпоративдик директордун кесиптик өнүгүү программасын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болушту.

  • admin      
  • 504 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви