Language switcher

  • 781 просм.

Байлык Финанстын» кыргызстандыктардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга катышуусу

Эл аралык жана улуттук каржы институттары Кыргызстанда бир нече жылдан бери финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча түркүн иш-чараларды өткөрүп келе жатышат. Андыктан бул жарманкенин максаты дагы калкыбызга финансылык пландаштыруу жѳнүндѳ пайдалуу маалымат берүү,  аталган багыттагы жардамдарды туура жана эстүүлүк менен пайдалануу, жекече финансылык пландаштыруу боюнча консультациялык жардам кѳрсѳтүү менен бирге  аларды финансы рыногунда көрсөтүлгѳн конкреттүү жардамдын шарттары менен тааныштыруу болуп саналат.

«Байлык Финанс» компаниясынын максаттарынын бири калкыбыздын  финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп эсептелгендиктен, биздин компания аталган жарманкеге терең  ыраазычылык менен катышты. Биздин команда «Байлык Финанстын» насыялык продуктыларына кызыккан катышуучуларга жигердүүлүк менен кеңештерди берди. Алардын арасында «Ден соолук», «Турак-жай курулушунун сапатын жакшыртуу»ж.б.у.с. социалдык багыттагы продукттар бар.

Аталган иш-чаралардын алкагында үйрѳтүүчү тренингдер жана финансылык сабаттуулук боюнча презентациялар өткөрүлдү. Буларга катышкандардын бардыгы  өздүк каражаттарын кантип топтоо, сактоо жана көбөйтүү менен бирге финансылык аспаптарды акыл- эс менен  жана кандайча  пайдалануу керектигин үйрөнүштү. Катышуучулар ошондой эле биринчи колдордон  бардык финансылык продуктылар, анын ичинде банктык, микрофинансылык, камсыздоочулук, инвестициялык, пенсиондук, ипотекалык продукттар жѳнүндѳ дагы жеткиликтүү  маалымат ала алышты.

Бул пайдалуу жана кызыктуу иш-чараны уюштуруучулар тѳмѳндѳгүлѳр: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргызстандын банктар союзу, Эл аралык финансы корпорациясы (IFC), “Элкарт” Улуттук төлөм системасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун  жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы., «Ишеним» Кредиттик бюросу ЖАК, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы (АМФО), Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги.

  • admin      
  • 781 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви