Language switcher

  • 515 просм.

Бизнес- талдоонун аспаптарын кесипкѳйлүк менен колдоно билүү боюнча машыгуулар

«Байлык Финанс» МККсынын финансылык директору Арзымат Дербишалиев Москва шаарында Finalytics.PRO Консалтингдин Компаниясы тарабынан ѳткѳрүлгѳн  «Бизнес  талдоонун аспаптарын  кесипкѳйлүк менен  пайдалана билүү  боюнча курс»  аттуу семинардын катышуучусу  болуп  келди. Ал жерде изилдѳѳгѳ:

– «Business Intelligenceден бюджеттештирүү»;

-«Алакандагы бизнес -чечимде: чоң  кѳлѳмдѳгү  маалыматтарды талдоо жана Power BI деги ѳзгѳчѳ  иштиктүү маалымат графикасы» аттуу темалар  алынды.

«Байлык Финанс» Компаниясы  ай сайын насыя  портфелин жана  кардарларынын санын ѳстүрүү менен тынымсыз ѳнүгүп келүүдѳ, алардын кѳпчүлүгү  бир топ жылдардан бери башкалардыкына караганда  биздин тейлѳѳбүздү  тандап келишүүдѳ. Компаниянын ѳсүүсү кѳпчүлүк процесстин  автоматташтырылышын талап кылат, ал болсо биздин  кызматкерлерибиздин  кардарлар менен иштѳѳгѳ жумшалуучу убактыларын кеңейтет.

Finalytics.PRO семинарында алынган жѳндѳмдѳр  Компанияга  Microsoft тун  Power BI  технологияларынын – маалыматтардын чоң кѳлѳмдѳрүнүн  айкындалыш системасынын жардамы менен башкаруучулук эсеп-кысапты автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

  • admin      
  • 515 просм.
Бөлүшүү: