Language switcher

  • 534 просм.

IFAD колдоосу менен Байлык Финанс менен APIU ортосундагы кызматташтыктын горизонтторун кеңейтүү

2023-жылдын 17-майында «Байлык Финанс» компаниясынын топ-менеджменти IFAD программасынын менеджери Карим Сиссоко менен IFAD тарабынан каржыланган «Рыноктун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо» долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан Агенттиктин насыялоону ишке ашыруу долбоорун ишке ашыруунун абалын талкуулады. Талкуунун жыйынтыгында Компанияны кошумча техникалык колдоо, атап айтканда, фермерлерди мобилизациялоого жана маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле сүт кластеринин кызыкдар тараптарынын катышуусунда тегерек стол өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Жолугушууда Карим Сиссоко кыргыз рыногу үчүн инновациянын актуалдуулугун белгилеп, ошондой эле IFAD тарабынан колдоого алынган инновацияларды ишке ашырууга үмүттөнөрүн билдирди.
«Бул инновацияны киргизүү кластердин бардык мүчөлөрүнө пайда алып келет, атап айтканда, «Байлык Финанс» өлкөнүн алыскы аймактарында микрокаржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн алат, сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жогорку сапаттагы сүттү туруктуу жеткирүүчүлөр менен камсыздалууда. Ал эми эң негизги звено бул жеңилдетилген шарттар менен өз убагында каржылоону ала турган дыйкандар», – дейт «Байлык Финанс» МККнын аймактык башкармалыгынын директору Арзымат Дербишалиев.

Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) Дүйнөлүк банк тобунан, Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн Эл аралык фондунан (IFAD) жана башка донорлордон каржылык колдоо алган айыл чарба долбоорлорун координациялоо, башкаруу жана ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.

  • admin      
  • 534 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви