Language switcher

  • 478 просм.

Биздин кызматкерлерибиздин кесиптик кѳндүмдѳрүн жогорулатуу.

Кызматкерлерибиздин  кесиптик кѳндүмдѳрүн жогорулатуу – биздин Компаниябыздын  негизги максаттарынын бири !

Business & Finance Consulting (BFC) жардамы аркылуу Компанияда кесиптик кѳндүмдѳрдү жогорулатуу максатында  ѳз сабаттуулугун арттыруу  үчүн түзүлгѳн  онлайн платформа иш алып барууда, анын  алкагында кызматкерлер финансылык тармактардагы  үлгүлүү тажрыйбаларды  үйрѳнүүнү  ѳздѳрүнѳ  ыңгайлуу жана каалаган убакытта жүргүзѳ алышат,  үчүнчү квартал ичинде  кредиттик процесстин  милдеттүү негиздери боюнча окуудан компаниянын 20 жаңы кызматкери ѳттү.

Ошондой эле Башкы директор, жалпы кызматкерлерди башкаруу боюнча директор жана тобокелдиктерди жѳнгѳ салуу боюнча директор тарабынан тѳмѳнкү темалардагы бир нече семинарлар ѳткѳрүлдү:

«Үстѳмдүктү кѳздѳбѳгѳн  сатуулар»;  «Жашыл экономика»; «Социалдык  багыттамадагы бизнес»; «Финансылык сабаттуулук»; «Тобокелдиктин түрлѳрү»; «Тобокелдикти жѳнгѳ салуу». Нормативдик документтердеги  ѳзгѳрүүлѳр менен тааныштыруу  үзгүлтүксүз ѳткѳрүлүп турат. Ошентип, бул  кварталда ички окутуудан Чыгыш аймагынын жана Бишкек шаарынын 93 кызматкери  ѳтүштү.

Биздин адистер үзгүлтүксүз түрдѳ тыштан окуу үчүн жѳнѳтүлүп турат. Каржы бѳлүмүнүн жана  Тобокелдикти жѳнгѳ салуу бѳлүмүнүн  2 кызматкери  «Баскынчылык иш аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган кирешелерди  легализациялоого (жууп тазалоого) каршы аракеттер» маселеси боюнча окууну тыштан ѳтүп келишти.

Ошондой эле Европанын реконструкциялоо жана ѳнүктүрүү Банкынын «Борбордук  Азиядагы  чакан бизнестин аймактык программасы» Проекти боюнча « Кардарларды ѳзүнѳ тартуу жана сактап калуу» темасында  Ала-Бука айылындагы  кеңсенин менеджери  окуудан ѳттү. Биздин адистерибиздин  суроо-талаптуу болуп  баратышы менен  сыймыктанабыз жана  «Байлык Финанстагы» иш тажрыйбалары  келечекте аларга бардык эшиктерди  кенен ачып берүүсүнѳ умтулабыз!

  • admin      
  • 478 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви