Language switcher

  • 501 просм.

Биздин мыкты спортчу кесиптештерибиз кайрадан ѳздѳрүнүн жеке рекорддорун коюшту!

Ак илбирсти  жана  анын  жашаган жаратылыш чѳйрѳсүн сактап калуу боюнча ѳткѳндѳ уюштурулган кайрымдуулук жарышында Чыгыш аймагынан   жана Башкы кеңседен келген кесиптештерибиз тѳмѳнкү аралыкта чуркоого катышышты:

Ганыбев Алтынбек, аймактын директору – 14 км

Касымов Адилет, Каракол кеңсесинин НА – 14 км

Ашымжанов Руслан, Каракол кеңсесинин НС – 5 км

Турусбеков Азамат, Ананьево кеңсесинин НМ – 5 км

Абдырахманов Рустам, Кызылсуу кеңсесинин НМ – 5 км

Джумагулов Мурат, Аксуу  кеңсесинин НС– 1 км.

Куромаева Умут, Жарандык коргоонун ФА –  14 км.

Жигиттер мойнуна алышкандай, алар Ысык-Кѳл  областынан келишти жана чуркоого убакыт боюнча  утуу максатында катышышкан  жок, алар үчүн кайрымдуулук акциясына катышуу маанилүүрѳѳк болчу, анткени стартка тѳлѳѳдѳн топтолгон каражаттын жарымы биздин мурас энчибиз- ак илбирстерди сактап калууга  жумшалмакчы.

Ошондой болсо да,  биздин жигиттердин убакыт боюнча кѳрсѳткүчтѳрү деле ѳтѳ тѳмѳн болгон жок, маселен, Каракол шаарындагы кеңсенин насыя боюнча адиси  Касымов Адилет  14 чакырымды 1 саат 3 секундада чуркап ѳтүп, 530 катышуучунун ичинен 21- болуп маарага жеткен. Калган жигиттердин кѳрсѳткүчтѳрү дагы ортодон жогору, бул күнү  алардын ар бири ѳздѳрүнүн жеке рекорддорун коюшту жана кийинки жарыштарга бийик максаттарды коюу менен  кезектеги ѳзүн-ѳзү  жеңүүгѳ жетишишти.

Ал эми чуркоого мурда такыр кызыкпагандар болсо  чуркай баштоо жѳнүндѳ  ойлонуп калышты. Чыгыш аймагынын директору Алтынбек Ганыбаев  ушундай спорттук иш чаралар ѳз жарандарыбызга спорт менен машыгууга түрткү берип, жыл ѳткѳн сайын чуркоого, спорттун бардык түрлѳрүнѳ  катышууга кызыккандардын  санын кѳбѳйтүп, жыйынтыгында улутубуздун  ден-соолугун анык жакшыртат деп эсептейт.

  • admin      
  • 501 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви