Language switcher

  • 546 просм.

Футбол боюнча биздин ийгиликтер!

Ѳткѳн дем алыш күндѳрү биздин кызматкерлер  «Казакстан микрофинансылык  уюмдар Ассоциациясынын» 15 жылдыгына карата  Алматы шаарында  уюштурулган мини-футбол боюнча мелдешке катышып келишти.

Компаниянын  кызматкерлери  Кыргызстандын  МФУнун  Ассоциациясынын  курама  командасынын оюнчулары  катары чыгышты. Кубок үчүн   болгон татаал күрѳштѳ алар бир нече жеңиштерге  ээ болушту жана  тайпалык мелдеште тең  чыгууга жетишишти. Мелдештердин  эң мыкты оюнчусу  болуп биздин кесиптешибиз жана сыймыгыбыз – Масы кеңсесинин  насыя боюнча менеджери Кубанычбеков  Каныбек аталды.

Ал эми сүйүктүү  командасын колдоо үчүн  жүздѳгѳн чакырымды басып ѳтүшкѳн Компания  кызматкерлеринин арасынан  чыккан күйѳрмандар калыстык менен  эң мыктылар  деп табылышты.

Мындай  команда менен биз ар дайым  жеңишибизди кайтаруу үчүн  кайрадан  мелдешүүгѳ жана жаңы ийгиликтерге жетүүгѳ даяр экенибизди чоң ишенич менен айта алабыз!

  • admin      
  • 546 просм.
Бөлүшүү: