Language switcher

  • 461 просм.

Улуу муунга биздин ыраазычылыгыбыз!

Баласынын бой жетип жана ѳз алдынча  жашап жүргѳнүнѳ  карабастан анын иштеп жаткан жерин кѳрүүгѳ ата-энелер кызыгышабы, ушул жѳнүндѳ ойлонуп кѳргѳнсүзбү?

Алар Сиздин билим алууңузга  жан-дүйнѳсүн  жумшашып , жогорку окуу жайын тандашып, ар бир сынакка  түйшѳлүшүп, Сиз менен бирге гезиттердеги  жарыялар аркылуу кызмат ордун  издешип, аңгемелешүүдѳн ѳтүп жаткан учурда  алакан жайып,  кийин үйгѳ караганда кѳбүрѳѳк  убакыт кетирип жаткан ишиңиз  жана андагы кесиптештериңиз тууралуу миллиондогон сурооолорду берип жүрүшѳт да. Бул баарыбыздын эле башыбыздан ѳткѳндүр?

Жалал-Абад кеңсесиндеги биздин кесиптештер сүйүктүү ата-энелеринин бардык  суроолоруна бир эле чогулуп жооп берүү менен бирге, Компаниябызда кутмандуу жаңы салтты баштоону чечишти. Жакынкы күндѳру  кеңсенин бардык кызматкерлери ѳздѳрүнүн ата-энелерин  кечки тамакка чакырышты. Ата-энелер ѳз ара бири-бири  жана балдарынын кесиптештери, жетекчилери менен  жакыныраак таанышышты. Акыры, ѳз балдары менен да жайынча убакыт ѳткѳрүштү. Баарлашышып, ѳз сунуштарын беришти.

Кѳнгѳн адат боюнча кызматкерлер иш-чараларын жамаат үчүн, кѳпчүлүк учурда ѳз балдары жана сѳзсүз түрдѳ  эң ишенимдүү кардарлары үчүн  ѳткѳрүп турушат. Ал эми ата-энелери үчүн бул биринчи жолу. Албетте, ушундай кесиптин ээси болуп эң мыкты Компанияда иштей алганыбыз үчүн биз ата-энебизге ыраазы болушубуз керек!

Жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

  • admin      
  • 461 просм.
Бөлүшүү: