Language switcher

  • 799 просм.

Биз кызматкерлер үчүн камкордуктабыз!

Окуу жылынын башталаар алдында «Байлык Финанс» баласын жалгыз тарбиялап жаткан 32 кызматкерге материалдык колдоо көрсөттү.

Окуу жылынын башталышында каржылык колдоо канчалык  керек экендигин баарыбыз билебиз, ошондуктан биздин кызматкерлердин 56 баласы мектепке даярдануу үчүн 10 миң сомдон алышты.

Компаниянын анчалык чоң эмес салымы кызматкерлерге балдарынын окуусу үчүн эң жакшы жана керектүү нерселерди сатып алууга жардам берет деп ишенебиз.

“Балдар – жашоонун гүлдөрү! Алар бизге кубаныч жана алдыга умтулууга кызыгууну тартуулашат. Сиздер дагы өз кезегинде балдарыңыздарга сүйүү, көңүл буруу жана колдоо көрсөтөсүздѳр. Жаңы окуу жылында сиздерге күч-кубат жана чыдамкайлык, ал эми балдарыңыздарга ден соолук жана бардык демилгелүү иштерине ийгиликтерди каалаймын!” − Чинара Даркенбаевна, Башкы Директор.

  • admin      
  • 799 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви