Language switcher

  • 595 просм.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Байлык Финанс” ишканасына өрт коопсуздугу боюнча окуу өткөрдү

28-апрель Эл аралык эмгекти коргоо күнү. Адамдын жашоосу жогорку социалдык баалуулук болуп саналат. “Байлык Финанс” үчүн жумушчулардын коопсуздугу жана эмгек ресурстарына аяр мамиле башкы артыкчылык.
“Байлык Финанста” жыл сайын эмгекти коргоо, техника жана өрт коопсуздугу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Быйыл 28-апрелде Компаниянын башкы кеңсесинде атайын программа өткөрүлдү:
– Өрт коопсуздугу боюнча үйрөнчүк тревога жүргүзүү;
– Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча лекция;
– Өрт өчүргүчтөрдүн иштөөсүн көрсөтүү.
Биздин Компания жана кызматкерлери коопсуз, өндүрүштүк туура чөйрөнү баалашат жана аны камсыздоого аракеттерин жумшайт.
“Байлык Финанс” баарыңыздарга кырсыксыз, авариясыз жана стресси жок натыйжалуу ишти каалайт.
Өзүңөрдү сактап, ден соолукта болгула жана ар дайым коопсуздук эрежелерин сактагыла!

  • admin      
  • 595 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви