Language switcher

  • 676 просм.

Кыргыз сомуна – 30 жыл!

Кыргыз сомуна – 30 жыл! 1993-жылдын 10-майында улуттук валюта колдонууга киргизилген, ал өлкөбүздүн бардык аймагында расмий төлөм каражаты болуп калды!

Улуттук валютанын туулган күнүнө карата биздин сом жөнүндө 5 кызыктуу фактыны даярдадык!

1. Улуттук валютаны жасоочу тендердин негизинде аныкталат. Бүгүн сом англиялык “De La Rue” жана франциялык “Oberthur Fiduciaire” компаниялары тарабынан жасалат. Монеталарды казакстандык монета зээрканасы чыгарат;

2. Сом – советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинде колдонууга киргизилген биринчи валюта (рублды кошпогондо) болуп саналат. Казакстандын улуттук валютасы 1993-жылдын 15-ноябрында, ал эми Өзбекстанда – 1994-жылдын 1-июлунда, Тажикстанда – 1995-жылдын 10-майынан 2000-жылдын 29-ноябрына чейин тажик рубль колдонулган.
3. Ата мекендик банкирлердин ыкчамдыгы болбосо, биздин валюта башкача аталып калмак. Анткени коңшу Казакстан да валютасын сом деп атоону каалап жатышкан. “Сом” түрк тилинен “рубль” болуп которулат. Бирок биздин өлкө тезирээк жасаганга жетишти. Ал эми Казакстан банкирлери акчасын атоо үчүн башка сөз издеп калышты.
4. Сом 100% пахтадан турат. Ар кандай номиналдагы атайын пахта кагаздары Франция менен Улуу Британияда чыгарылат. Купюралар үчүн кагазды жасоо учурунда атайын коргоочу элементтер, анын ичинде суу белгилери жасалат.
5. 2010-жылы эл аралык банкнота коомчулугу 5 миңдик купюраны дүйнөдөгү эң кооз купюра деп тааныган.

  • admin      
  • 676 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви