Language switcher

  • 651 просм.

Кредиттер боюнча пайыздык толомдору субсидиялоо программасы

Урматтуу Байлык Финанс компаниясынын кардарлары,

Байлык Финанс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 552 токтомуна ылайык жарыяланган 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь–февраль айларына карата кредиттер боюнча пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо программасын активдүү колдойт.

Субсидиялоо программасына төмөнкү шарттарга жооп берген кардарлар катыша алат:

  • кредит 2020-жылдын 1-октябрына чейин алынган болсо; жана
  • берилген кредиттин негизги суммасы 100 000 сомдон ашпаса.

Субсидиялоо программасына кирүү үчүн 2020-жылдын 05-декабрына чейин өзүңүзгө ылайыктуу жолдор менен арыз тапшырууңуз керек:

  1. Байлык Финанс кеңселеринин бирине келип арыз жазуу аркылуу;
  2. же кредиттик адисиңиздин ватсап номерине арыздын сүрөтүн жөнөтүү аркылуу;
  3. же kairyluu@bf.kg электрондук почтасына арыздын сүрөтүн жөнөтүү аркылуу.

Арыздын үлгүсүн Компаниянын кеңселеринен же https: //bf.kg/ru веб-сайтынан алсаңыз болот.

Образец Заявления_на кыргызском языке

Көңүл буруңуз, төмөндөгүлөрдү билүү маанилүү!

  1. Пайыздарды субсидиялоо БИР ГАНА УЮМДА жана БИР ГАНА КРЕДИТ боюнча жүргүзүлөт. Демек, Бул үчүн Сиздер кайсы уюмда жана кайсы кредит боюнча пайыздарды субсидиялоону тандашыңыздар керек. Бир нече уюмга бир нече арыз менен кайрылсаңыз, Сизди субсидиялоодон четтетип, субсидиялоо программасына ылайык келген кардарлардын Реестринен чыгарууга негиз болот.
  1. Субсидия ПАЙЫЗДАРДЫН СУММАСЫНА ГАНА берилет. Бул Сиздин кредиттин негизги суммасын төлөөгө милдеттүү экениңизди билдирет. Бул суммалар субсидияланбайт, аларды төлөө Сиздин милдетиңиз болуп кала берет жана аларды Сиз графикте көрсөтүлгөн тартипте төлөшүңүз керек.
  • admin      
  • 651 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви