Language switcher

  • 613 просм.

Кызматкерлердин балдары арасында ѳткѳрүлгѳн сурѳттѳрдүн сынагы

«Байлык Финанс» Бүткүл дүйнөлүк аманат жумалыгына арналган иш-чаралардын алкагында кызматкерлердин балдарынын арасында каржылык сабаттуулук темасында сүрөт тартуу сынагын өткөрдү.

Ар бир сүрөт жекече тартылып, кызыктуу болду. Чыгармалардын бардыгы  беш баллдык шкала боюнча төмөнкү критерийлер менен бааланды: тематиканы чагылдыруунун актуалдуулугу, автордун көз карашы, оригиналдуу чыгармачылык ой-пикири, көркөм аткаруу деңгээли жана сүрѳттүн жаш курагына ылайыктуулугу.

Ошентип, 6 жашка чейинки курактагы тайпада тѳмѳндѳгүлѳр жеңүүчү болушту:

1-орун: Табалдыев Алымбек

2-орун: Айлин Айбекова

3-орун: Абдыкоорова Бибизейнеп

6 жаштан 10 жашка чейинкилер арасындагы жеңүүчүлөр:

1-орун: Айпери Конокова

2-орун: Каныбекова Арууке

3-орун: Кадыркулова Адеми

11-15 жаштагылар арасында жеңүүчүлөр:

1-орун: Садыкова Айжамал

2-орун: Зарылбекова Айдай

3-орун: Шарапидинов Кушбек

«Кѳрүүчүлѳрдүн жактыруу байгеси» категориясында Жапарова Асема жеңишке ээ болду.

Калыстар тобу ошондой эле Ашымжанова Айназик менен Айсезимдин сайма түрүндө жасалган сынактан тышкаркы эки эмгегин белгиледи.

Бардык жеңүүчүлөргө белектер берилди жана ар бир катышуучу кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.

  • admin      
  • 613 просм.
Бөлүшүү: