Language switcher

  • 788 просм.

Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында балдардын сүрөт сынагы

Урматтуу достор, «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясы «Мен Кыргызстанды сүйөм» Жаштар Кыймылы жана «Жетиген» Эл аралык лагери менен биргеликте балдар арасында сүрөт сынагын жарыялайт.

Байлык Финанс өлкөнүн чоңдорунун жана балдардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга дайыма көмөк көрсөтөт. Ал бир нече жыл катары менен Кыргызстанда Улуттук банктын демилгеси менен өтүп жаткан Дүйнөлүк акча жумалыгына катышып келет.

Маалымат үчүн: Global Money Week (GMW) дүйнөнүн 176 өлкөсү тарабынан колдоого алынган финансылык сабаттуулук боюнча демилге. Бул жылы GMW демилгесинин 11 жылдыгы белгиленип, «Акчаңды пландаштыр, келечегиңе кам көр» деген ураан менен белгиленет.

Сынакка «Финансылык сабаттуулук балдардын көзү менен» деген жалпы аталыштагы Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы мектепке чейинки жана мектеп жашындагы жалпы билим берүү мекемелеринин, ошондой эле балдар үйлөрүнүн окуучулары катыша алышат. Төмөнкү темалар жана форматтар жаш курагына жараша аныкталган:

“Финансылык сабаттуулук – мода” темасында 9-11 жаштагы сүрөт сынагы
12-14 жаштагылар арасында “Менин биринчи миллионум” эссе сынагы
Тапшырылган иштерге коюлган талаптардын чоо-жайын Сынактын жобосу_GWM_2023 (1)

Чыгарманын электрондук көчүрмөсүн 2023-жылдын 3-мартынан 15-январына чейин mdkyrgyzstan@gmail.com дареги аркылуу берсе болот. Көз карандысыз калыстар тобунун алгачкы тандоосунан кийин жеңүүчүлөр Instagram баракчасында @ilove_kyrgyzstan 17.03.2023 – 19.03.2023 (19.00) добуш берүү аркылуу аныкталат. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөрдү жарыялоо 2023-жылдын 20-мартында болот.

Жеңүүчүлөр ээлеген байгелүү орунга жараша төмөнкү баалуу сыйлыктар менен сыйланышат:

«Финансылык сабаттуулук мода» темасындагы сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү: «Жетиген» эл аралык балдар лагерине жазгы агымга билет, смарт сааттар, зымсыз кулакчындар жана блютуз колонка;
«Менин биринчи миллионум» темасындагы сүрөт сынагында белектер: «Жетиген» эл аралык балдар лагерине жазгы агымга билет, «Яндекс» смарт динамикасы, портативдүү bluetooth колонкасы.

  • admin      
  • 788 просм.
Бөлүшүү: