Language switcher

  • 625 просм.

Финансылык сабаттуулук боюнча балдардын сүрөттөрүнүн жана дил баяндарынын сынагы

«Байлык Финанс» «Мен Кыргызстанды сүйөм» жаштар кыймылы жана «Жетиген» эл аралык лагери менен биргеликте Глобалдык акча жумалыгы-2022ге карата «Финансылык сабаттуулук балдардын көзү менен» аттуу республикалык сүрөт жана эссе сынагын өткөрдү.

Сынактын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Казакстандан, ал тургай Россиядан да 350дөн ашык кызыктуу жана түркүн түстүү эмгектер келип түшкөн. Көз карандысыз жюри ар бир категория боюнча үч талапкерди тандап алды. Жеңүүчүлөргө добуш берүү социалдык тармактарда жүрүп, жалпысынан 3000ге жакын добуш алынып, 6-апрелде сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Биз бардыгына катышканы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана финансылык сабаттуулук сыяктуу маанилүү темага көңүл бура алганыбызга кубанычтабыз.

«Акча деген эмне?» деген темада сүрөт сынагында утту:

орун– Илим Турдубеков (6 жаш);
орун– Наима Улугбек (7 жаш);
орун– Айдархан Женишбеков (7 жаш).
«Кыял үчүн кантип үнөмдөө керек?» деген темада сүрөт сынагында. утту:
орун– Бексултан Алиаскаров (9 жаш);
орун– Атай Толубаев (9 жаш);
орун– Калдарбек Джумабеков (11 жаш).
Менин келечектеги бизнесим” эссе сынагынын жеңүүчүлөрү:

орун– Наима Токтомушева (12 жаш);

орун– Айжан Абжалбекова (16 жаш);

орун– Даткайым Бекмурзаева (15 жаш).

  • admin      
  • 625 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви