Language switcher

  • 808 просм.

Байлык Финанс Кыргызстандагы KyrSEFF Туруктуу энергияны колдоо жана каржылоо программасын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады!

Бүгүн «Байлык Финанс» компаниясы Кыргызстандагы KyrSEFFтин Туруктуу энергияны колдоо жана каржылоо программасынын 10 жылдык мааракеси менен, ошондой эле жаңы этаптын – KyrSEFF III программасынын башталышы менен куттуктады.

KyrSEFF программасы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланат жана Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынат. Иш-чарада Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун 10 жылдык жыйынтыгы чыгарылып, келечектеги пландар белгиленди.
Байлык Финанс ЕРӨБ менен айыл жеринен келген ишкерлерди каржылоодо ийгиликтүү кызматташып, ESG стандарттарын колдогондуктан жана көп жылдардан бери Жашыл Каржыны өнүктүрүү демилгелерин ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткандыктан, Компания иш-чарадан четте кала алган жок жана өзүнүн ишенимдүү өнөктөшүн куттуктады.

«Биз Европа Банкына, Европа Биримдигине жана KyrSEFF программасынын командасына Кыргызстанда Жашыл Каржыны өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет. Инклюзивдик финансылык продуктыларды колдоо үчүн KyrSEFF IIIде белгиленген жаңы каржылоо вектору өнөктөш банктарга гана эмес, региондордо чоң орунду ээлеген микрофинансылык секторго да Программаны ишке ашырууга катышууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз. демек, калк үчүн KyrSEFF максаттуу каржылоону алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет», – деди Молдажанова Чынара, МКК «Байлык Финанс» өз сөзүндө.

  • admin      
  • 808 просм.
Бөлүшүү: