Language switcher

  • 477 просм.

«Байлык Финанс» Компаниясы сунуштарды кеңейтүү жана жашыл насыяларды өнүктүрүү үчүн насыялык линияны алды

“Байлык Финанс” МККсы ар кандай социалдык инвесторлор менен иштешүүгө жана биздин кардарлардын ар кандай муктаждыктарын жаба турган максаттуу каржылоону алууга умтулат!

Мисалы, “Байлык Финанс” сунуштарды кеңейтүү жана жашыл насыяларды өнүктүрүү үчүн Triodos Groenfonds инвестициялык Компаниясынан 2,5 миллион долларлык насыялык линияны алды.

Жакынкы жылдарда жашыл насыяларды кеңейтүү Компаниянын өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп калат. Айрыкча, энергоэфективдүүлүктү ѳнүктүрүү жана турак жайларды жылуулоо, ошондой эле күн батареялары, жылыткычтар жана кургаткычтар сыяктуу жабдууларды сатып алуу үчүн насыя берүү өзгөчө мааниге ээ болот.

«Кыргызстандын микрофинансылоо секторунда Жашыл насыялоо сунушун «Байлык Финанс» бѳлүштүрѳт. Жашыл насыялардын жардамы менен кардарлар электр энергиясына болгон төлөмдөрдү үнөмдөп, ошол эле учурда айлана-чөйрөгө кам көрүүгө салым кошо алышат», – дейт инвестиция боюнча улук менеджер Алтынай Валиханова.

Бүгүнкү күнгѳ карата  «Байлык Финанстын» кардарлары  жылытууга кеткен чыгымдардан 5,6 миллион АКШ долларын  үнөмдөп, анын натыйжасында  СО2нин абага жайылышын 260 000 тоннага тѳмѳндѳтүү жетишилди.

«Кыргызстандын аймактарында калктын жашоо шартын жакшыртуунун орчундуу зарылчылыгы бар жана каржылоонун жеткиликтүүлүгү жана техникалык колдоо мунун негизги фактору болуп саналат. Биздин  техникалык багытта IFC менен жана Triodos фондунун каржылык колдоосу аркылуу кызматташтыгыбыз синергетикалык эффект берерине бекем ишенебиз»,- деди «Байлык Финанстын» башкы директору Чынара Молдажанова.

Алтынай Валиханова ошондой эле: «Байлык Финанс» Компаниясы Кыргызстанда Triodos инвестициялык фондунан жашыл каржылоону алган биринчи Компания болуп саналат.Бул  өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн каржы мекемелеринин арасында жашыл насыяларды өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча биздин стратегиябызга, ошондой эле энергиянын түгѳнгүс булактары чѳлкѳмүндѳгү  долбоорлор үчүн биз тараптан берилип жаткан насыяларыбызды толуктоого абдан тѳп келет,» -деп белгиледи.

  • admin      
  • 477 просм.
Бөлүшүү: