Language switcher

  • 549 просм.

«Байлык Финанс» Компаниясы Баткен областындагы жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн 1 миллион сом которду

«Байлык Финанс» Компаниясы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Баткен районунун үй-бүлөлөрүнө жардам катары 1 миллион сом которду.

«Байлык Финанс» МККнын кызматкерлери Баткен районунун чек ара тилкесиндеги жабыр тарткан тургундарына колдоо иретинде бир күндүк эмгек акыларын которуп беришти. Компания тарабынан кѳрсѳтүлгѳн каржылык колдоонун жалпы суммасы 1 млн сомду түздү. Мындан тышкары, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам катары окуянын алгачкы күндөрүндө эле Компаниянын кызматкерлери тарабынан 80 миң сомго жакын суммадагы азык-түлүк жана гигиеналык каражаттар жеткирилди.

Каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк ѳз калыптарына келишин каалайбыз.

Баткен, биз сени мененбиз! Биздин күчүбүз биримдикте!

  • admin      
  • 549 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви