Language switcher

  • 607 просм.

Кочкорлук Айпери Токтогулованын ийгилик баяны

Тиккенди билген, кааласа, жеке бизнесин ачып алса боло турган аял

Токтугулова Айпери – 32 жаштагы 3 баланын энеси, 2 жыл мурун Кочкор шаарында жеке бизнесин ачкан.

Биринчи жолу Айпери «Байлык Финанс» компаниясына 2019-жылы кайрылган, анда биринчи жолу 80 000 сом суммадагы насыяны тигүү цехи – бизнесин өнүктүрүүгө алган
Алган каражатка Айпери тигүү машиналарын сатып алган, бүгүнкү күндө анда 9 тигүүчү кыз иштеп жатат
Азыр, үч жыл өткөндөн кийин да Айпери өз ишин ийгиликтүү өнүктүрүүдө. “Байлык Финанстан” үчүнчү насыяны ал тигүү цехи үчүн авто унаа сатып алууга сарптады. Пандемияга карабастан Бишкектеги анын тапшырыкчылары буйрутмаларын токтоткон жок, бул каатчылыкты жоготуусуз өткөрүүгө шарт түздү

Айпери: «Менин биринчи кардарларым, мен, тааныштарым жана досторум болушту. Кийин акырындык менен чоң туруктуу тапшырыкчылар пайда болду. Көпчүлүк убакта тиккенди билген аялдар тегиз тигиш жүргүзүүнү жана кездемени туура кескенди баары эле биле беришпейт деп ойлонушпайт, бул кызматтарга шаарларда эле эмес аймактарда да, мисалы биздин Кочкор шаарыбызда да суроо-талап чоң. Өз тигүү бизнесимди түзгөндөн кийин мен сүйүктүү ишимден ырахат алып гана эмес, ошол ишим менен акча таап жатам»

Айпери өз жумушчуларына ыңгайлуу жана татыктуу эмгек шарттарын түзүп берүү үчүн, “Байлык Финанстан” кийинки насыяны менчик цех имаратын курууга сарптоону  пландап жатат. Айпери бизнесин өнүктүрүү менен дагы көп адамдар үчүн жумуш орундарын түзөт.

  • admin      
  • 607 просм.
Бөлүшүү: