Language switcher

  • 650 просм.

Ийгиликтин тарыхы Орозакунова Айзада Кант ш.

Орозакунова Айзада Муратбековна тикмечи, конструктор- модельер, сүйүктүү иши менен нанын тапкан адамдын мыкты үлгүсү.
Айзада бала кезинде эле чоң энесинен тигүүнүн негиздерин үйрөнгөн: ал тигиштин түрлөрүн ж.б. үйрөткөн. Натыйжада бала кезде алган билими жана көндүмдөрү келечекте ага жардам болгон. Айзада Чүй областынын Кант шаарында туулган, ошол жерден мектепти, андан кийин тигүү буюмдарынын технологу адистиги боюнча орто кесиптик билим алган.

2018-жыл Айзада үчүн маанилүү чечимдер менен башталган. Ал өзү үчүн иштөөнү – өз ишин ачкысы келген.
“Байлык Финанс” компаниясына кайрылып, тигүү цехин өнүктүрүү үчүн биринчи насыяны алган. Ал насыяга Айзада тигүү цехи үчүн керектүү жабдууларды: өндүрүштүк тигүүчү машина, үтүк столун сатып алган. Бүгүнкү күндө Кант шаарында анын менчик тигүү цехи бар, анда тикмечилер аялдардын жана балдардын кийимдерин жекече тигүү боюнча адистешкен. Жакында Айзаданын КМШ рыногуна чыгуу планы бар.

Биздин кардар өзүнүн ийгиликтерине ыраазы жана ушуну менен токтоп калбай, мындан ары да “Байлык Финанс” компаниясы менен жемиштүү кызматташууну пландап жатат.

  • admin      
  • 650 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви