Language switcher

  • 727 просм.

Дүйнөлүк акча жумалыгы 2023

15-мартта Кыргызстанда расмий түрдө Global Money Week #GMW2023KG #Globalmoneyweek башталат, анын алкагында Байлык Финанс салттуу түрдө аялдардын, жаштардын жана балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрөт.

Global Money Week – дүйнөнүн 176 өлкөсүндө жыл сайын өтүүчү кампаниянын максаты жаштардын каржылык аң-сезимин, билимин, көндүмдөрүн жана жүрүм-турумдарын акылдуу финансылык чечимдерди кабыл алуу жана финансылык бакубаттуулукка жетишүү. 2023-жыл “Акчаңды пландаштыр, келечегиңе кам көр” деген ураан менен өтүүдө. Кыргызстанда GMW Улуттук банктын жана каржы секторунун демилгесинин аркасында жылдырылууда.

«Байлык Финанс» ачык эшиктер күндөрүн, аялдар жана жаштар үчүн тренингдерди, оюндарды жана сынактарды өткөрүү менен бир нече жыл катары менен калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барууда. Бул жылы салык сабаттуулугу Байлык Финанстын кардарларын окутуунун негизги компоненти болуп калат.

  • admin      
  • 727 просм.
Бөлүшүү: