Language switcher

  • 489 просм.

Насыя портфелинин кѳлѳмүнүн биринчи миллиардга жетиши!

Урматтуу  достор, август айынын башында ЖЧК «Байлык Финанс» МККсынын насыялык портфелинин кѳлѳмү БИР МИЛЛИАРДДАН АШТЫ!

Октябрское  айылынын  кеңсесинен малдын башын кѳбѳйтүү үчүн 50000 сом алган  Чокуева Даткайым Амиркуловна колуна тийген насыясы менен бизди биринчи  миллиарддан ѳткѳргѳн кардарга айланды.

Дал ошол кардарды аныктоо ѳтѳ кызыгууну туудурду, анткен себеби  насыялар секунддук         айырмалар менен эле алынып  жаткан болчу. Ошондуктан  Даткайым Амиркуловна үчүн Компаниянын башкы директорунун жеке куттуктоосун кабыл алууга  кеңсеге чакырылышы чоң сюрприз жана күтүүсүз  жакшы жаңылык болду. Чинара  Даркенбаевна Молдажанова  Даткайым  Амиркуловнаны куттуктады жана  ага эстелик белек- эки камералуу муздаткычты  тапшырды.

Урматтуу кардарлар, «Байлык Финанска» карата болгон ишенимиңиздер  жана кѳп жылдан берки кызматташууну тандооңуздар үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет.

Байсалдуу жолубуздун башаты болуучу  ушундай жыйынтыктарга жеттик  деп биз бүгүн Сиздер аркылуу гана мактана алабыз!

  • admin      
  • 489 просм.
Бөлүшүү: