Language switcher

  • 368 просм.

«Байлык Финанс» «Ысык-Көл облусунун туризм секторунда «жашыл» технологияларды жана туруктуу керектөө жана өндүрүштү киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрү» аттуу тегерек столго катышты.

Өткөн шейшембиде Байлык Финанстын өкүлү – Чыгыш районунун директору Назгүл Акиева биздин өнөктөш Юнисон Групп жана ПЕРЕТО долбоору тарабынан уюштурулду.

Бизнестин, тиешелүү министрликтердин, финансы секторунун жана айлана-чөйрөнү коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышкан тегерек столдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
– туристтик бизнеске “жашыл” технологияларды киргизүү;
– операциялык чыгымдарды азайтуу,
– тазалоо жана энергияны үнөмдөөчү технологиялардын артыкчылыктары;
– “жашыл” каржылоо мүмкүнчүлүктөрү.

Тегерек столдун жүрүшүндө «Байлык Финанс» конок үйлөрүн оңдоого, жылуулоого же курууга, энергиянын кайра жаралуучу технологияларын алууга багытталган өзүнүн жеңилдетилген «жашыл» насыялык продуктыларын тартуулады.

  • admin      
  • 368 просм.
Бөлүшүү: