Language switcher

  • 733 просм.

Байлык Финанс Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин колдойт

2022-жылдын 2-ноябрында «Байлык Финанс» МККнын башкы директору «Демилгелүү айымдар» Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү коалициясы тарабынан өткөрүлгөн «Кыргызстандагы ишкер аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү» пленардык жыйынына катышты. Чынара Даркенбаевна өзүнүн презентациясын тартуулады, анда Компаниянын продукциялары жана аялдардын ишкердигин колдоо, финансылык ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу жана аялдарга бизнес жүргүзүүнүн негиздерин үйрөтүү үчүн шарттарды түзүү боюнча ыкмалар сунушталды.
«Байлык Финанс» мындан аркы өз ара кызматташууга жана Кыргызстандагы ишкер аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн аялдардын бизнес-коомчулугу менен диалог курууга даяр экендигин ырастайт.

  • admin      
  • 733 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви