Language switcher

  • 494 просм.

Дүйнөлүк аманат күнүнө карата каржы жарманкеси

    
     

Дүйнөлүк үнөмдөө күнүң белгилениши менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан уюштурулган каржылык ярмарка А. Осмонов атындагы Улуттук тарых музейинде болуп өттү🏦💵

Иш-чарага коммерциялык банктар жана микрокредиттик компаниялардын өкүлдөрү катышып, өздөрүнүн каржылык продукттарын жана кызматтары менен тааныштырып кетишти. Айрыкча студенттер үчүн лекция жана интерактивдүү оюндар өткөрүлүп, каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө басым жасалды👩‍💼✨ МКК «Байлык Финанс» ярмаркада активдүү катышты.

Биздин стенд студенттерде чоң кызыгуу жаратты: катышуучулар финансылар, үнөмдөө жана бюджетти пландоо боюнча суроолорго кызыгуу менен жооп беришти. Эң билимдүү жана активдүү катышуучулар компания тарабынан эстелик белектер менен сыйланышты🎁💝 Мындай демилгелер жаштарда акчага жоопкерчиликтүү мамиле калыптандырууга, каржылык пландоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана каржылык көз карандысыздыкка биринчи кадамдарды жасоого жардам берет. Биздин компания Кыргызстандагы жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн дайыма шарт түзүүгө умтулат🧑‍🎓

  • admin      
  • 494 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви