Language switcher

  • 522 просм.

Жашыл экономика боюнча калкка маалымат берүү

Барскоон жана Кызыл -Суу айылдарынын кеңселеринде  Энергиянын түгѳнгүс булактарын (ЭТБ)  пайдалануунун тажрыйбалары боюнча Компаниянын 42 кардарына окутуу ѳткѳрүлдү.

Биздин кардарлар Кыргызстандагы ЭТБнын кол жетерлик  технологиялары, энергиянын  альтернативдүү  булактарына ѳтүүнүн артыкчылыктары менен бирге:

  • Күн кургаткычтарын;
  • Фото электрдик панелдерди;
  • Электрондук чабандарды;
  • Үй жана бизнес үчүн күн суужылыткычтарын;
  • Шамалгенераторлорун жана башка орнотмолорду сатып алуу үчүн

Компаниянын жеңилдетилген  насыя продукту тууралуу жеткиликтүу маалымат алышты. Ошондой эле биздин шериктешибиз Elsyst KG Компаниясы ѳздѳрүнүн  жаңы күн кургаткычынын бардык артыкчылыктарын демонстрациялоо менен  бирге аны менен ѳндүрүлгѳн продукцияларды кѳрсѳтүп берди.

Күн кургаткычтын жана жашыл технологиялардын башка түрлѳрүн «Байлык Финанстын» бардык кеңселеринен насыяга сатып алууга болот.

  • admin      
  • 522 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви