Language switcher

  • 1446 просм.

ГРУЗИЯГА САЯКАТ!

«Байлык Финанс» МКК ЖАК кызматкерлердин Компаниянын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө кошкон салымын жогору баалайт.
Жыл сайын Компанияда жыл жыйынтыгы чыгарылат жана мыкты кызматкерлер отчеттук жылдын жыйынтыгы менен баалуу жана эсте каларлык белектер менен сыйланышат. Мыктылардын мыктысы аталган кызматкерлер мотивация иретинде чет өлкөгө саякат түрүндөгү белекке ээ болушат. Бул жылы да дал ушундай белек ыйгарылды!
2023-жылдын жыйынтыгы менен – 45 кызматкерге чет өлкөгө саякат белек кылынды. Быйыл кызматкерлер уникалдуу жана кереметтүү Грузия өлкөсүнө бир апталык эс алууга аттанышты.
Грузия – тарыхы бай, пейзаждары кооз, ашканасы даамдуу жана адамдары меймандос өлкө. Грузияга болгон саякат кызматкерлер үчүн жаңы маданият менен таанышуу, тайпадагы мамилелерди бекемдөө жана унутулгус көз ирмемдерди жаратууга мүмкүнчүлүк болду.
Саякаттын алкагында өлкөнүн тарыхий жайларына экскурсиялык программа уюштурулду. Саякаттын арты менен ар бир кызматкер эс алып, жаңы эмоцияларды сезип, дүйнө таанымын кеңейтип, кайталангыс грузин ашканасынын даамын тата алды.
Мекенге кайтуу сүрөт жана сувенирлер менен толбостон, турдун ар бир катышуучусунун жан дүйнөсүнүн баюусу менен эсте калды. Кызматкерлерибиз бул саякаттан алган энергия жана позитив Компаниянын мындан аркы стратегиялык жетишкендиктери үчүн дагы көбүрөөк энергия жана драйвды камсыздайт деп ишенебиз!
«Байлык Финанс» Компаниясынын Жетекчилигине көп жылга чейин эсте кала турган элестер жана мыкты эс алуу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

  • admin      
  • 1446 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви