Language switcher

  • 945 просм.

Жаратылышты бирге сактайлы

Акыркы жылдарда Кыргызстанда, ошондой эле дүйнө жүзүндө абанын булганышы, энергетикалык кризис жана климаттын терс өзгөрүшү боюнча маселелер көтөрүлүп жатат. Климаттын өзгөрүшү – дүйнөлүк коомчулуктун алдында турган өтө актуалдуу көйгөйлөрдүн бири.

Парник газынын бөлүнүп чыгуусунун өсүшү табигый парник таасирин күчөтүп, натыйжада планетада орточо дүйнөлүк температуранын жогорулашы байкалууда. Дүйнөдө азыр сезилип жаткан айлана-чөйрөгө таасиринен тышкары келечекте бул мындан да олуттуу социалдык-экономикалык кесепеттерге алып келиши жалпы кабыл алынган.

Дүйнөлүк экономиканын ааламдашуу доорунда жана коомдун алдында турган дүйнөлүк коомчулуктун бириккен күчүсүз жеңүүгө мүмкүн болбогон климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү сыяктуу катаалдыктар учурунда “Байлык Финанс” компаниясы да дүйнөлүк глобалдык макулдашуулардан тышкары калган жок.

Ушуга байланыштуу биздин Компания өзү социалдык жана экономикалык жоопкерчиликтүү позицияда болуу менен “Дос-Кредобанк” ААКсынын жалпы суммасы 5000000 сомду түзгөн “Кыргызстандын жашыл келечегине инвестиция кыл” жашыл облигациясын чыгаруу идеясын колдоону чечти.

Жашыл облигациялар – бул каражат тартуунун уникалдуу финансылык куралы катары пайдалуу инвестициялык шарттарды гана эмес, Кыргызстандын экологиясын жакшыртууга активдүү таасир этүүчү мүмкүнчүлүктү да сунуш кылат. Ушул чыгарылыштын алкагында төмөнкүдөй приоритеттүү багыттар аныкталган:
– үйлөрдү жана жайларды “жашыл” энергиялык натыйжалуу технологияларды колдонуу менен экологиялык таза материалдардан куруу;
– “жашыл технологияларды” жайылтууда аял-ишкерлерди жана жаштарды колдоо аркылуу жеңилдетилген шарттарда айыл чарбасын каржылоо;
– экологиялык жактан таза транспортту каржылоо, электромобилдер үчүн заряддагычтарды орнотуу;
– тазалоочу жайларды, сууну үнөмдөөчү технологияларды орнотууну каржылоо аркылуу туристтик секторду колдоо, жеңилдетилген шарттарда ар кандай “жашыл технологияларды” ишке ашыруу.

  • admin      
  • 945 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви