Language switcher

  • 573 просм.

Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында балдар үчүн майрам!

“Байлык Финанс” финансылык сабаттуулукка окутууну салт боюнча 5-10 жаштагы кичинекей балдардан баштоону чечти.
Глобалдык акча жумалыгын #GMW2023KG#Globalmoneyweek майрамдоонун алкагында “Байлык Финанс” Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Анда биздин жумушчулардын балдарына финансы жана салык боюнча тренинг өткөрүлдү.
Биздин кичинекей коноктор акча, бюджет, эмгек акы деген эмне экендигин, кантип туура акча топтоо жана максат коюу керектиги тууралуу биле алышты. Биз чакырган тренер – Туменбаева Эльмира Сагыналиевна  салыктар кантип түзүлгөнүн, эмне үчүн төлөө керектигин жана мамлекет аларды кандай максаттарга бөлүштүрө тургандыгы жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле балдарга ата-энелери “Байлык Финанстын” ичинде эмне менен алектене тургандыгын көрсөтүп, экскурсия уюштурулду. Ал эми шайыр пираттар балдар үчүн негизги байлык болгон таттууларды издөө боюнча чыныгы квест жүргүздү!

Ар бир бала өзүн чыныгы байлык издөөчү жана финансы-салык боюнча сабаттуулук интервьюсунда башкы каарман катары сезе алышты. Биздин кичинекей коноктордун жоопторун кийинки чыгарылыштарда бөлүшөбүз!

  • admin      
  • 573 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви