- 21 просм.
Келечекке иштеген колдоо

Кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында «Байлык Финанс» компаниясы «Ала-Тоо» Эл Аралык университетинин таланттуу студенттерин колдоону улантууда. Жакында биз экономика багытында билим алган 3-курстун студенттерине — азыртадан эле финансы секторун жана туруктуу экономика жолун тандаган кыздарга стипендияларды тапшырдык.
🎓 Стипендиялык программа төмөнкүлөргө багытталган: -Академиялык жана кесиптик потенциалды өнүктүрүүгө; -Финансы, микрофинансылоо жана бизнеске болгон кызыгууну колдоого; -Кыргызстандын рыногу үчүн болочоктогу адистерди даярдоого. Бул биз үчүн бир жолку эле демилге эмес, бул — жаштардын билимине, практикасына, стажировкасына жана финансылык сабаттуулугуна инвестиция салууну көздөгөн узак мөөнөттүү ESG-стратегиябыздын бир бөлүгү. Биз дал ушундай кадамдар өлкөнүн күчтүү кадрларын жана туруктуу келечегин калыптандырат деп ишенебиз.
Байлык Финанс — билимди колдоо экономикага кошулган салым.
- 21 просм.


