- 66 просм.
ТРЕНИНГ ПО ФИНАНСОВОЙ ГРАМОТНОСТИ ДЛЯ КЛИЕНТОВ “БАЙЛЫК ФИНАНС”


18-ноябрда «Байлык Финанс» кеңсесинде кардарлар үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өттү💰
Тренер катары окуу бөлүмүнүн менеджери Нургүл Исраилова чыгышты. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, бул көбүрөөк катышуучуларды камтууга жардам берди. Иш-чара АМФО сынагынын алкагында (18–21 ноябрь) өткөрүлдү☺️🙌🏻
Тренинг учурунда Нургүл Исраилова жөнөкөй мисалдар аркылуу кыял, максат жана жыйынтыкка жетүүгө тоскоол болгон нерселерди жоюуга жардам берген кадамдардын байланышын түшүндүрүп берди. Жолугушуунун негизги ой-пикири — каржылык тартип кирешеден кем эмес маанилүү. Бюджетти пландаштыруу, каражатты туура бөлүштүрүү жана жыйымдарды түзүү — максаттарга жакындашууга жардам берген негизги көндүмдөр🤝
Тренингде депозиттер темасы да кеңири түшүндүрүлдү: кандай түрлөрү бар, алардын айырмачылыктары, пайыздардын капитализациясы деген эмне жана максатка жараша валютаны кантип туура тандоо керектиги айтылды. Окутуу интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар каржылык темаларды талкуулоого активдүү катыша алышты💴 Соңунда катышуучулар компаниянын жагымдуу белектерин алышты.
Байлык Финанс каржылык сабаттуулук боюнча долбоорлорду системалуу негизде өнүктүрүп келет: окутуу ички кызматкерлер үчүн гана эмес, өлкө боюнча калкка арналган көчмө тренингдер форматында да өткөрүлүп, кардарлардын жана жергиликтүү жамааттардын каржылык туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшөт.
- 66 просм.


