Language switcher

  • 31 просм.

Ала-Тоо университетинин студенттери үчүн тренинг

2025-жылдын 28-октябрында «Ала-Тоо» университетинде экономика факультетинин студенттери үчүн каржылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрүлдү.

Иш-чара «Байлык Финанс» компаниясы менен кызматташтыктын алкагында уюштурулду

🎓 Жыйында 90га жакын студент катышып, жеке каржыны туура башкаруу, бюджетти пландаштыруу жана өз максаттарына жетүү үчүн каржылык инструменттерди колдонуу боюнча баалуу практикалык билимдерди алышты. Тренерлер катары «Байлык Финанс» компаниясынын окутуу боюнча менеджерлери — Насиба Таджибаева жана Нургүл Исраилова чыгып, каржылык пландаштыруунун негизги принциптери, акча салуулар түрлөрү, насыялоо өзгөчөлүктөрү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти

💰 Лекция учурунда катышуучулар активдүү суроолорду берип, чыныгы жашоо мисалдары аркылуу алынган билимди практикада колдонуу жолдорун талкуулашты. Эң активдүү студенттер компания тарабынан белектер менен сыйланышты. Иш-чараны уюштурууда жардам көрсөткөн жана билим берүү демилгелерин колдогон университет кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз ☺️🙌🏻 «Ала-Тоо» университети менен өнөктөштүктүн алкагында студенттер төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат: ✨ Компаниянын бардык кеңселеринде практика жана стажировка өтүү.

🏢 ✨ Алдыңкы адистерден конок лекцияларга жана мастер-класстарга катышуу

🎙️ ✨ Коомдук жана ыктыярчылык долбоорлорго катышуу

🌱 ✨ Өз идеяларын жана долбоорлорун адистердин ментордук колдоосу менен ишке ашыруу

🚀 Бул кызматташтыктын аркасында «Ала-Тоо» университетинин студенттери каржылык билимдерин кеңейтип гана тим болбостон, келечектеги кесиптик жашоосуна керектүү практикалык көндүмдөрдү да өздөштүрүшүүдө.

«Ала-Тоо» университети менен «Байлык Финанс» компаниясынын өнөктөштүгү жаштардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана каржылык сабаттуу муунду тарбиялоого багытталган ⭐️

  • admin      
  • 31 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви