- 55 просм.
«ЖАК МКК “Байлык Финанс” Эл аралык “Ала-Тоо” Университети менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду»
🎓🤝 «Байлык Финанс» жана «Ала-Тоо» эл аралык университети — студенттердин келечеги үчүн өнөктөштүк!
ЖАК МКК «Байлык Финанс» жана «Ала-Тоо» эл аралык университети кызматташуу боюнча меморандумга кол коюп, студенттерге жана келечектеги адистерге өнүгүү, өсүү жана өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Өнөктөштүк алкагында студенттер төмөнкүлөргө ээ болушат:
✨ Компаниянын бардык кеңселеринде практика жана стажировка өтүү;
✨ Алдыңкы адистердин конок лекциялары жана мастер-класстары;
✨ Социалдык демилгелерге жана волонтёрдук долбоорлорго катышуу;
✨ Өз идеяларын жана долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү.
«Биздин өнөктөштүк билим алмашууга, жаштардын потенциалын ачууга жана аларды шыктандырууга шарт түзүп, коомду, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана туруктуу келечекти курууга олуттуу салым кошо турган жаш муунду тарбиялоого багытталган», — айтып өттү ЖАК МКК «Байлык Финанс» компаниясынын Башкы директору Молдажанова Чинара Даркенбаевна.
Бул кызматташтык — эки тарап үчүн да маанилүү кадам: компания менен университеттин биргелешкен иши инновацияларга жана коомго маанилүү долбоорлорго ачык, активдүү, креативдүү жана жоопкерчиликтүү жаңы муун адистерин тарбиялоого өбөлгө түзөт.
- 55 просм.