Language switcher

  • 575 просм.

Кыймыл менен жаша! Ысык-кѳлдү үч күндѳ велосипед менен айлануу!

Биз Чыгыш аймагындагы биздин кесиптештерибиздин умтулуулары, биримдиги жана күч- кубаттары менен  терең сыймыктанабыз.

Ѳткѳн дем алыш күндѳрү, 2-августта  таңкы саат беште  Каракол  шаарында  биздин он кесиптешибиз: Чыгыш аймагынын насыя берүү боюнча директору Алтынбек Ганыбаев, насыялык менеджерлер Ашымжанов Руслан, Турусбеков Азамат, Байсариев Руслан, Акматов Ринат, насыялык  ага адис Джумагулов Мурат, насыя адистери Мамытов Бекжан, Саламат уулу Салават, Касымов Адилет Ысык-Кѳлдү  айлануу боюнча веложүрүшкѳ старт алышты. Жигиттердин негизги максаты жалпы элибиздин  берметин 3 күндѳ айланып  ѳтүү эле, жүрүмдүн узактыгы 440 чакырымды түздү.

Жигиттер эртең мененки саат 8:30да Кызыл Сууда болуп калышты, ал жерде  Компаниянын кеңсесиндеги кесиптештери менен биргеликте эртең мененки тамакты ичишти. Велосипеддердин бирѳѳ бузулуп калганына  байланыштуу аны таштоого туура келди. Түшкѳ маал  Барскоон айылына жетишти, ал жерде аларды даамдуу түшкү тамактары менен кесиптештери  күтүп отурушкан эле. Кеч күүгүмдѳ  Бѳкѳнбаевге токтошту, Компаниянын кеңсесинин ынтымактуу кызматкерлери кечкиге ширин тамактарды даярдашып, кѳл жээгинде түнѳѳ үчүн чатырларды ээлеп коюшкан. Мына ошентип биринчи күнү жигиттер 130 чакырымды басып ѳтүштү. Бул күн бардыгы  үчүн ѳтѳ жигердүү болгондуктан, баары чаалыгышып, буттары да ооруп калды. Анткени менен  ѳздѳрүнүн жарык маанайлары жана аларды тосуп алып, колдоп, узатып жатышкан «Байлык Финанс» Компаниясындагы ынтымактуу жана боорукер кесиптештери буларга кошумча күч кубат берип, сергектиктери күчтѳндү.

Экинчи күн: 3-август  күнү бардыгы  таңкы саат 6да ойгонушту, кѳлдүн таза  абасы оору менен чаалыгууну кол менен тазалаган сыяктуу жоготту. Баардыгы сергек-шайыр жана жаңы чекти багындырууну кѳздѳгѳн абалда турушту, анткени  алдыда чоң тоскоолдук− каттамдагы 2109 метрлүү эң бийик Кескен-Бел ашуусу турган эле.

Ашуунун чокусуна  велосипед менен чыгуу кыйын болгонун, а бирок аны ашып ѳткѳндѳн кийин  сезимдер абдан  жагымдуу абалга келгенин балдар моюнга алышты. «Элде айтылгандай, бийикке чыгуу канчалык кыйын болсо, чокудан тѳмѳндү кароо ошончолук жагымдуу», – деп кайталайт  Алтынбек.  Балыкчы шаарына бара жаткан жолдо  жигиттер кезектеги кыйынчылыктарга туш болушту − жолдун начарлыгынан велосипеддин айрымдары бузула баштады, ошол себептен алар графиктен 3-4 саатка кечигишип, Балыкчыга саат 16:00 дѳ гана жетишти. Компаниянын кеңсесиндеги кесиптештери менен түшкү тамакты чогуу ичишкенден  кийин ал жерге жарактан чыккан  эки велосипедди  калтырышып, балдар андан ары жолго чыгышты. Чолпон-Ата шаарына болгону 3,5 саатта жетишти, ал жерде аларды мурдагы кесиптеши жана  абдан жакын досу тосуп алды, кечинде чогуу тамактанышып, аныкында түнѳп калышты.

Экинчи күн оңой эмес эле: бир күндѳ биздин кызматкерлер велосипеддерде начар жолдор менен 175 км жүрүшүп, бийик ашууну багындырып ѳтүштү. Бирок ага карабастан  алардын маанайлары жайдары болчу, аларды алдыга  гана умтулткан максат бар эле,  ошондой эле жолдон тосуп алып, кол кѳтѳрүп алакан чапкан  кесиптештери менен сигнал берген автоунаалар аларга ого бетер чоң күч-кубат жана сергектик тартуулап жатышты.

Үчүнчү күн: эртең менен Григорьевка айылына жетишип, ал жерде  аларды Компаниянын Григорьевка жана Ананьево кеңсесиндеги кызматкерлери тосуп алышып, чогуу тамактанышты. Бул жерден ынтымактуулуктун белгиси катары  командага  Ананьево  кеңсесинин стажеру  Султанов Ѳмүрбек  кошулду, анын кадамы  мактоого татырлык.  Аба-ырайы  ачык жана күн ысык эле, ошондуктан түштѳн кийин кѳлгѳ түшѳлү деп чечишти. Кутургу айылында  жээкке киришти, андан соң аларды Түп кеңсесинин  кесиптештери даамдуу түшкү  тамактар менен тосуп алышты. Сууга түшүшүп, тамактанышты дагы андан ары жолун улантышты. Жолдо бир топ бийиктиктер  бар эле, бирок аларды деле кѳп кыйналбай басып ѳтүштү, анткени маара жакындап, белгиленген максатка бир аздан соң эле жетип барышмак.

Саат 18:00 дѳ биздин команда Каракол шаарына кирип барды.

Бул веложүрүш Алтынбек Ганыбаев, Ашымжанов Руслан жана Джумагулов Мурат үчүн  эсеп боюнча үчүнчү, калгандары үчүн – биринчи болчу. Андыктан кызматкерлердин коопсуздугу баарынан жогору эле! Бул иште биздин башкы ѳнѳктѳшүбүз Partner Global велосипед каскаларын жана жабдууларын сатып алууга  жумшалган финансылык салымы менен жардамын кѳрсѳттү.

«Кыймыл менен жаша»  веложүрүштүн урааны болуп калды! Анткени,  ѳздѳрүнүн марафону аркылуу жигиттер кыймылдын – жашоо, ѳнүгүү, тынымсыз алдыга умтулуу; ал эми тынбай кыймылда болуу – бул спорт жана ден соолук экендигин  белгилегилери келишти. Кыймылда жана ритмде болуу, тынымсыз алдыга умтулуу – ийгиликтин башаты ушул.

Алтынбек Ганыбаевден P/S: «Мен ѳзүм эртең менен чуркаймын, ѳздүк ѳнүктүрүү менен тынбай алектенем, китеп окуйм, велосипед жана  кышында сноуборд тебемин, сууда сүзѳм, футбол, теннис ойноймун,  жашоону активдүү түрдѳ ѳткѳрѳмүн. Эгер сен  профессионалдык спортчу болбосоң деле , спорт менен машыгуу бизде ѳжѳрлүк, лидерлик сапаттар жана ѳз ишиндеги  кесипкѳйлүк сыяктуу  сапаттарды калыптандырат. Мындай саппаттарсыз максаттарга жана ийгиликтерге жетүү дээрлик мүмкүн эмес. Мен буга ишенемин, ошондуктан башкаларды да ушуга чакырамын. Диванда отуруп алып  «Кыймыл жасоо керек» деп айтпаш керек, туруш керек дагы алдыны кѳздѳй жѳнѳш керек.

Айтмакчы, бир аз гана оңдоп түзѳѳдѳн ѳткѳн,  бай окуялар камтылган статьянын текстин жана марафон тууралуу сурѳттѳрдү биз аталган сапардын  башкы демилгечиси жана дем берүүчүсү Алтынбек Ганыбаевден алдык.

  • admin      
  • 575 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви