Language switcher

  • 160 просм.

ЖАШ ЧЕМПИОНДОРДУ КОЛДОО

Байлык Финанс” Компаниясы өзүнүн өнөктөштүк мамилелерин бекемдөөнү улантууда жана спорт тармагын өнүктүрүүгө багытталган ар кандай иш-чараларга жигердүү катышып келет.
Ушул жылдын декабрь айында “Байлык Финанс” компаниясы “Кадамжай-Металлург” футбол клубуна демөөрчү болду.
– Биздин компания мындан тышкары 10-13 жаштагы өспүрүмдөр үчүн футбол формасын сатып алууга жардам көрсөттү.
“Кадамжай – Металлург” футбол клубунун тарыхы бар, 1996-жылы Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган. Биздин колдообуз футбол командасына мындан бийик ийгиликерге жетүүсүнө жана бардык оюнчуларга, машыктыруучуларга жана күйөрмандарга кубаныч жана канааттануу тартуулайт деп ишенебиз!
Биз жаш спортчуларды колдоп, аларга өнүгүү жана өз карьераларында бийиктиктерге жетүүсүнө жардам көрсөтүп жатканыбызга сыймыктанабыз.

  • admin      
  • 160 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви