Көп берилүүчү суроолор

Кредит алуу – бул белгилүү бир билимди жана олуттуу мамилени талап кылган, жоопкерчиликтүү кадам.

Көп учурда кардарлар майда-чүйдөсүн билбей туруп, кредит келишимдерине кол коюшат, төлөө күнү келгенде гана – толгон-токой суроо жаралат.

Адам өзүнүн этиятсыздыгынын курмандыгы болуп калат. Биздин кредиттик компания менен баарлашуудагы түшүнбөстүктөрдөн

Сизди арылтуу үчүн, биздин кардарларда көп жарала турган суроолорго жоопторду сунуштайбыз:

Бизин компания документтерди кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзөт. Сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн кредит келишимин сизге түшүнүктүү тилде сураңыз. Кредит келишимин окуңуз. Кредит адиси сизге түшүнүксүз болгон терминдерди жана маселелерди түшүндүрүп бериши үсүн, ага суроо берүүдөн тартынбаңыз. Кийин Сиздин кредитиңизге байланыштуу кызыктырган бардык суроолор боюнча ага кайрылыңыз.

Кредит боюнча ар айлык карызды төлөө милдеттенмесин бузганда, Зайым алуучу Кредит келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө туум төлөйт. Сиз кредитти өз убагында төлөй албай калган кандайдыр бир обьективдүү жагдайлар жана жүйөлүү себептер жаралышы мүмкүн. Мындай учурда сиз сөзсүз АЛДЫН АЛА өзүңүздүн кредит адисиңизге кайрылышыңыз керек. Мындай учурда компания түшүнүү менен мамиле кылып, сиздин көйгөйдү карайт.

Ооба, эгер сиздин кирешеңиз мүмкүнчүлүк берсе, алууга болот. Бирок, кредит үй-бүлөлүк бюджетке оорчулук келтирбеши керек. Ошондуктан, келишимге кол коюудан мурун, бардык бир айлык чыгымдарыңызды эсептеп алыңыз. Үй-бүлөлүк каржылык эсептерди жүргүзүүнү үйрөнүңүз. Алгач бул өтө түйшүктүү жана тажатма иш сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок иш-аракеттериңиздин алгачкы жыйынтыгын көргөндөн кийин, акча кайда кетип жатканы, канча каражат жумшай аларыңыз, бизнесиңизге канча жумшасаңыз болоору сизге түшүнүктүү болот. Кредиттик компанияга ай сайын кирешеңиздин кеминде 40%ын төлөп турууга даяр болуңуз. Өз күчүңүздү эсептегенди үйрөнүү үчүн, Сизге биринчи кредитти кыска мөөнөткө аз суммада алууну кеңеш кылабыз. Мындай жол менен Сиз төлөө боюнча мүмкүнчүлүктөрүңүздү түшүнүп, келечекте узак мөөнөткө чоң зайымды пландаштыра аласыз.

Кредит таржымалы – бул «Ишеним» кредиттик маалыматтык бюросунда – өлкөнүн бардык зайым алуучуларынын кредиттик таржымалын топтогон жалпы маалыматтар базасында сактала турган, сиздин бардык кредиттериңизди төлөө таржымалы. Бул бардык финансылык мекемелер менен иштөөдөгү сиздин биринчи көрсөткүчүңүз. Сиздин кредиттик таржымалыңыз канчалык жакшы болгонунан, биздин компания жана башка кредиттик мекемелер менен мамилеңизди улантуу көз каранды болот. Эгер бардык кредиттериңиз өз убагында жана кечиктирбей төлөнсө, Кредиттик маалыматтык бюродо өзүңүз тууралуу терс кредиттик таржымал жаратуу тобокелдиги жаралбайт жана андан аркы сиздин жашооңузга терс таасирин тийгизбейт.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 344-беренесине ылайык, “Кепилчилик берүүчү (кепил) кредитордун алдында карызды төлөтүп алуу боюнча сот чыгымдарынын жана кредитордун карызкор тарабынан милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынан келип чыгуучу башка чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча пайыздарды төлөөнү кошкондо карызкордой эле көлөмдө жооп берет”.  Эгер сиз тууганыңыздын же досуңуздун төлөө жөндөмдүүлүгүнө жана ак ниеттүүлүгүнө ишенимдүү болбосоңуз, анын кепили болууга макул болбоңуз. Эгер ал кредит боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, мыйзам боюнча жоопкерчиликти түздөн-түз КЕПИЛЧИЛИК БЕРҮҮЧҮ, мындай учурда Сиз тартасыз жана өз каражаттарыңыз менен анын кредитин төлөөгө туура келет!

Сый акынын жылдык натыйжалуу коюму – бул зайым алуучу кредит келишими боюнча төлөй турган бардык төлөмдөрдүн жалпы суммасы. Көрсөтүлгөн сый акы коюму курамына ар айлык төлөмдөрдөн тышкары, кредиттик мекеме алуучу бардык комиссияларды, карта чыгаруу үчүн жыйымды, камсыздандыруу төлөмдөрү же эсепти тейлөө, маалым кат берүү үчүн акыны жана башкаларды камтыйт. Сиздин кредит келишимиңизде көрсөтүлгөн сый акынын номиналдуу коюму кредиттин наркы болуп саналат жана зайым боюнча ар айлык төлөмдү эсептөөгө катышат. Ошондуктан бул коюмдун эки түрү айырмаланат.

Кредитти туруктуу киреше булагы бар, 18 жаштан 70 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын каалаган аракетке жөндөмдүү жараны ала алат.

Талап кылынган документтер кредит продуктуна жараша болот, бирок кредит алууга өтүнмөнү кабыл алуу үчүн төмөндөгү документтер жетиштүү:

  • КР жаранынын өздүгүн күбөлөндүргөн документ – паспорттун түп нускасы (ID жана e-ID карта);
  • Үй-бүлө курамын көрсөтүү менен жашаган жеринен маалым кат (эгер сизде e-ID карта болсо, анда маалым каттын кереги жок);
  • Кирешени ырастаган документ

Талап кылынган документтер жөнүндө кененирээк биздин кредит адистерибизден консультация алууда билсеңиз болот.

Кредиттердин суммасы сиздин суроо-талапка жана төлөө жөндөмдүүлүгүңүзгө жараша болот жана 5 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин болушу мүмкүн.

Мөөнөт кредиттин түрүнө жараша өзгөрөт жана 1 айдан 36 айга чейин болушу мүмкүн.

Төлөө графиги – аннуитеттик, мында негизги суммадан жана ал боюнча пайыздардан турган кредитти ай сайын төлөө суммасы кредиттин бүтүндөй мөөнөтүнө карата ар бир айга тең жана туруктуу үлүштөр менен бөлүштүрүлгөн. График кредит келишимин түзүү алдында кредит адиси тарабынан түзүлөт.

Суроолор калдыбы?

Сиз бул форманы колдонуу менен сатуу боюнча менеджерден кеңеш сурасаңыз болот




    petal