Language switcher

  • 500 просм.

Бардыгына ден соолук -ар бирине камкордук!

Бардыгына ден соолук -ар бирине камкордук!

Кызматкерлерге кам көрүү программасынын алкагында «Байлык Финанс» Компаниясы  «Здоровье» камсыздандыруу компаниясы менен биргеликте насыя боюнча адистерге камсыздандыруу сертификаттарын тапшырды, алар кызматкерлерге же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө белгилүү бир суммага дарыланууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, медициналык тейлѳѳлѳргѳ жана ооруп калган учурларда шашылыш жардам кѳрсѳтүү боюнча тейлѳлѳѳргѳ тѳлѳнүүчү чыгымдар Компания менен кызматташуунун алкагында камсыздандыруу компаниясы тарабынан толук тѳлѳнүп берилет . Камсыздандыруу күбөлүгүнүн суммасы 2 миң сомдон 40 миң сомго чейинки ѳлчѳмдү түзѳт.

«Байлык Финанс» МККсы кызматкерлерине эң жогорку талаптарды коюу менен, алардын ар биринин кесипкөйлүгүн, жогорку жоопкерчилигин жана корпоративдик баалуулуктарга берилгендигин баалайт. Өз кезегинде, Компания өзүнүн кызматкерлери үчүн жагымдуу эмгек шарттарын жана жагымдуу социалдык пакетти түзөт. Бул иш-чара өзгөчө COVID 19дан коргоо жана анын алдын алуу үчүн керектүү шарттар уюштурулуп жаткан  учурда ѳзгѳчѳ мааниге ээ.

«Байлык Финанс» Компаниясы өз кызматкерлерине кам көрөт!

  • admin      
  • 500 просм.
Бөлүшүү: